Атамбаев менен Жээнбековдун президенттигиндеги айырмачылыктар

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине эки жума болуп калды. Бул мезгилдин ичинде Жээнбеков Москвага жумуш сапар менен барып, Минскиде ЖККУнун саммитине катышты. Ошол эле Минскиде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечти.

Жээнбеков жана Назарбаев сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз-казак чек арасы ачылып, автоунаалар тоскоолсуз өтө баштады. Эки өлкөнүн өкмөттөрү бажы жагындагы маселелерди чечүү үчүн жол картасына кол коюп, анын үстүнөн иштей башташты.

6-декабрда Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда эки президент “жол картасына” кол коюлганына канааттануу билдиришкен. Эки президент андан сырткары кошуна мамлекеттердин келечек мамилелери жана абалы боюнча да пикир алмашкан.

Бул Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясаттагы кыска мөөнөттөгү ишмердүүлүгү жана жетишкендиги болду.

Анын бул мезгилдеги ишмердүүлүгү Атамбаев доорунан айырмаланып, ызы-чуусуз, жаңжалсыз, бир калыпта жүрүп олтурду.

Ал эми ички саясатта Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө басым жасаганы байкалат. Ал конституция берген ыйгарым-укуктарына таянып, күч структураларынын ишин көзөмөлгө алууга киришти.

4-декабрдан бери Жээнбеков  УКМКанын башчысы  Абдил Сегизбаев, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Башкы штаб башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, Ички иштер министри Улан Исраилов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алууга үлгүрдү. Ал кабыл алуулардын баарында Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү негизги тема катары көтөрүп, күч жана тартип коргоо органдарынын жетекчилерин мына ошого багыттаган.

Эми Атамбаев менен Жээнбековдун президенттигиндеги айырмачылык. Атамбаев бир эле мезгилде президент, өкмөт башчы жана парламенттин төрөсү эле. Өкмөттө дайындоо болобу, облус губернаторун дайындоо болобу, парламенттин төрагасын же башка жетекчисин шайлоо болобу Атамбаев аркылуу чечилчү. Азыр деле бул практика уланып, Атамбаев көшөгө артынан баарын башкарып турат дегенге болот.

Жээнбеков болсо азырынча тышкы саясат жана коопсуздук, коргонуу жагы менен чектелүүдө.

Ал эми өкмөт  ишин өзүнчө жүргүзүп, президент Жээнбековдон көз карандысыздыгын көрсөтүүгө умтулганы байкалат. Талас губернаторун дайыдоо учурундагы көрүнүштөр дал ошондон кабар берет…

Бул көрүнүш бара-бара бийлик үчүн күрөшкө алып келеби же түртүшүп, тартышып жатып, эриш-аркак болбосо да ар ким өз арабасын тартууга ыңгайланышып алабы?

Муну эми мезгил көрсөтөт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар