Атамбаев Кытайдан алган насыялар 2млрд. доллар…

Атамбаев чет жактан тартынбай насыя ала берүүнү абдан эле жактаган. Көрсө анын мындай жанталашуусуна жеке кызыкчылыктар себеп болгон экен.

Албетте, эгерде насыя экономиканы көтөрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жумшалса, эң башкысы мамлекетти тушаган оорчулукка салбаса, алынууга тийиш. Натыйжалуу колдонулууга тийиш.

Бирок Атамбаев доорунда насыялар жеке кызыкчылыктарды көздөп алынганы эми айкын болууда. Бул азырынча Бишкек ЖЭБине алынган насыя жараткан чуудан байкалууда.

Атамбаевдин өз билемдиги, сот бийигин, күч структураларын жеке өзүнүн кызыкчылыгына багындырып алышына байланыштуу алынган насылар кандай иштетилип жатканын текшерүү мүмкүн эмес болгон. Ал өмүргө опурталдуу эле.

Ошондуктан Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу үчүн Кытайдан алынган 850 млн. доллар насыянын кандай иштетилип жатканы, жолдун сапаты кандай болуп жатканы коомчулукка караманча белгисиз. Парламент да ал тарапка баш сала алган эмес…

Ошондой эле 208 млн. долларга курулган Датка подстанциясы, 400 млн. долларга курулган Датка-Кемин электр линиясы боюнча шектүү суроолор көбөйүүдө. Долбоорлор наркы атайын коррупциялык максатта көбөйтүлгөн деген шек арбын.

Азырынча бир гана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу кыянат коррупция кыштын суугу менен гана ачылып, чоң чуу жаратып олтурат. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 млн. доллар насыя алынган. Мөөнөтү 20 жыл. Үстөгү 2%. Бул өтө оор жана кыска мөөнөттүк насыя. Жалпысынан Кыргызстан Кытайга 500 млн. доллардай  кайтарыш керек. Ал эми ЖЭБдин модернизацияланышы абдан чоң суроолорду жаратууда.

Бишкек ЖЭБине алынган шартта насыялар Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, Датка подстанциясы, Датка-Кемин электр линиясы үчүн алынган.

Бул насылардын жалпы суммасы 2 млрд. долларга жакындап барат. Үстөктөрү менен абдан эле көп болот.

Кыргызстан быйылкы жылы 28 млрд. сом, келерки жылы 35 млрд. сом тышкы карыз төлөөгө тийиш.Кытай насыялары мамлекет үстүндөгү бул карыз оорчулугун ого бетер көбөйтөт. Мугалим, дарыгер, пенсионерлерге пенсия, айылык маяна көбөйтүүгө эң чоң тоскоолдук болот…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар