Атамбаев коопсуздуктан чочулап Сочиге барбай калды

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, президент Алмазбек Атамбаев 10-11-октябрда Сочи шаарына боло турган жумуш сапарынан баш тартты. Сочиде бул күндөрү КМШ жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин жыйыны болмок.

“Шайлоо күнү кээ бир саясатчылардын кылмыш дүйнөсүн тартуу менен массалык баш-аламандык уюштурууга даярдыгы  жана ал саясатчыларга сырттан финансылык жардам көрсөтүүфактылары айкын болуп калганга байланыштуу президент сапарын токтотуп, өлкөдө тартип жана коопсуздукту жеке өзү көзөмөлдөөнү  чечти” деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматта.

Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сочиге өкмөт башчы Сапар Исаков жөнөп кетти.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар