Атамбаев Балиден кайтып келдиби?..

Президент Атамбаевдин 30-октябрда кыска мөөнөттүк эс алууга чыкканы кабарланган. Эс алуу учурунда Атамбаев 2040-жылга чейинки стратегиянын үстүндө иштери айтылган. Президенттин маалымат кызматы президент Атамбаев 7-ноябрда ата-бабаларды эскерүү күнү Ата-Бейитке, Түбөлүк отто расмий эскерүү иш-чараларына катышарын кабарлады.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Атамбаев кыска мөөнөттүк эс алуусун Индонезиянын Бали курортунда өткөрдү. Ал жактан 2-няобрда кайтып келди шекилди. Анткени бул күнү түштөн кийин эле Манас аба майданынан резиденцияга чейинки жолдордо күчөтүлгөн кайтаруулар коюлуп, МАИ кызматкерлери жолдун четтерине да унааларды койдуртпай жатты. Демек, Бишкек “маанилүү конокту” күтүп жатты…

Мындай катаал коопсуздук чаралары вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болгондон кийин дагы күчөтүлдү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар