Атамбаев-Бабанов табышы…

Жээнбековго аябай өчөшүп калган Атамбаев аны сызга отуругузуунун ар кандай айла-амалдарын издеп жатканы байкалат. Бул Атамбаев кечээки душманы Нариман Түлеев жана башкаларды жанына тартып, Сооронбай Жээнбековго каршы альянс түзүү аракеттери менен ырасталат. Нариман Түлеев Атамбаевдин сунушун четке какканын билдирди. Бирок Атамбаев№1 душманга айланган Жээнбековдун сазайын берүү үчүн ким менен болбосун альянска барууга даяр.

Атамбаев учурда “эски досу”, “кызытылган темир басам” деп коркутуп Кыргызстандан кууп чыккан Өмүрбек Бабановду кепке тартуу аракети натыйжа берип, экөөнүн тил табышканы тууралуу сөздөр чыгууда. Муну жогору саясаттын “аки-чүкүсү” менен маалымдар адамдар ырастап жатышат.

Бабановдун Атамбаевге жакындашууга баратканын дагы бир көрүнүш ырастайт. Белгилүү болгондой Бабановду “Республика-Ата-Журт” фракциясынын көпчүлүк мүчөлөрү таштап кетти. Ал эмес Бабановдун “оң колу”, шайлоо учурунда штабын жетектеген Руслан Казакбаевди фракция лидерлигинен алып ыргытышты. Фракция Жээнбековдун ишаарасы менен башкаруучу коалицияга кирип, жаны өкмөт үчүн добушун берди. Каршы добуш берген Бабановдун “оң колу” Руслан Казакбаев гана болду. Ал Атамбаевдин “оң колу” Сапар Исаковдун өкмөтүн колдоду. Бул Атамбаев жана Бабанов байланышынын “бир жемиши”.

Атамбаев жана Бабанов Жээнбеков бийлигине каршы кандай ыкма менен күрөш жүргүзүү мүмкүн? Алар  Жээнбековго толук парламенттик башкарууга өтүү талабын коюшу ыктымал. Андай талап менен кандайдыр бир акцияларды уюштурууга аракет жасашы ыктымал.

Бул талап менен кошо  Атамбаев жана Бабанов жакынкы парламенттик шайлоодо күчтөрүн бириктирип, Жогорку Кеңеш, өкмөттү колго алууну көздөшөт.

Кечээ Кыргызстан тагдырын чечип, каалагандай калчап отурган Атамбаев жана Бабанов үчүн бул жеңил иш эмес. Анткени өөдүк-сөөдүк сөздөрү жана коррупцияга шектүү иштери менен Атамбаев аброюн кетирип алса, Бабанов “согуш талаасынан” качкан адам катары ишеним туудурбайт. Анын үстүнө анын Кыргызстанга келиши бир топ проблемалуу. Козголгон эки кылмыш иши бар.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар