Атамбаев «ар-рр» деди…

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана  Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышы боюнча Атамбаев 6-июнда билдирүү менен чыкты. Ал бул камакка алууларды коррупцияга каршы күрөш эмес деп атады. Атамбаевдин айтымында, булар тескерисинче коррупцияга каршы күрөшүп, натыйжа бергендерди камоо болуптур. Мисал катары Атамбаев Исаковдун өкмөтү бюджетке 5 млрд. сом профицит жасады деп атаган. Бул акчаларды Исаков жана Кулматов бажы тармагын коррупционерлерден тазалоо мене тааптыр.

Мына ушундай “ийгилик” жараткандарды камакка алуу “Раим-миллиондун” досторунун өч алуусу экен. Атамбаевдин бул сөзүн, “Раим миллиондун” артында турган Жээнбековдордун өчү деп түшүнсөк болот.

Атамбаевдин бул сөзүнүн азыркы кырдаалга карата кандайдыр бир чындыкка жакындыгы болушу мүмкүн. Анын үстүнө “Раим миллионго” жакын адамдын Эркештам бажысынын башчылыгына дайындалганы тууралуу маалымат чыккан. “Раим миллиондун” адамдары учурда бажы тармагын ээлеп жатыптыр деген сөздөр жөн жерден чыкпаса керек.

Кубанычбек Кулматов быйылкы жылы бажы тармагынан түшө түшө турган кирешени 50 млрд. сомго жеткиребиз деген. Ал эми анын ордуна келген Оңолбеков 43 млрд. сом жөнүндө сөз кылууда. Ортодогу айырма  7 млрд. сом же 100 млн. доллар…

Бирок да, “Раим-миллиондун” 400 миң долларын алып, аны түштүк бажы кызматына Атамбаев жана Кулматов дайындаганын 2010-жылы Бекназаров айтып чыккан эле. Бул Атамбаев менен Бекназаровдун айтылуу телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылган. Атамбаевдин 7 жылдык хандыгында “Раим-миллион” кызматтан-кызматка көтөрүлүп, бажы кызматын иш жүзүндө жетектеп келди. Ал бажы тармагындагы коррупциядан түшкөн акчаны жеке өзү жеп жатты бекен же жогоруда бирөө менен бөлүшүп жатты бекен? Атамбаев бул жөнүндө сөз кылгысы келбейт. Өлүмүш болот, анткорлонот…

Атамбаев 6-июндагы билдирүүсүндө Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовго коюлуп жаткан айыптарды толугу менен өзүнүн мойнуна алууга аракет жасаган. Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо, ТВЕА акчасына мектеп куруу, Тарых музейин жаңылоо, “Датка-Кемин, Датка жана башка доолбоорлор боюнча чечимди мамлекет башчысы катары өзү кабыл алганын билдирген.

Атамбаев Салайдин Авазов, Осмонбек Артыкбаевди камакка алууну да саясий максатта жана негизсиз деп атаган. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөш деген ураан менен “мастандарга аңчылык жүрүүдө” деген Атамбаев, өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 7 млрд. сом түшкөнүн, быйыл ага жетиш кайдан болсун деген…

Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн Сапар Исаковду эмес, ага күнөөлүүлөрдү жана бааны ашыруу фактысы далилденсе, анда ага тиешеси барларды жазага тартыш керек деген Атамбаев.

АКСтын башчысы Исмаилов сыяктуу “кошоматтанган достор” президент С.Ш.Жээнбековду коркунучтуу жолго түртүп жатат. Мен бул жөнүндө аны эскерткенмин, деп белгилеген Атамбаев.

Ал Жээнбековго жасаган мына ушундай эскертүүдөн кийин, апрель ыңкылабынан кийин КСДП кырдаалды жөнгөрүү үчүн көп аракеттенгенин, адилеттүү бийлик болмоюн туруктуулук болбосун эске салган…

КСДП мыйзам чегинде иш жүргүзөт деген Атамбаев, өз тарапкерлерин ар кандай мыйзамсыз иштерге барбоого чакырган. Кыргызстан калкы бул козголгон кылмыш иштер боюнча чындыкты эртели-кеч билет, баарына баасын берет, деп ишенет Атамбаев.

Мудагы президент Атамбаев өлкөдөгү абал боюнча 31-мартта КСДПнын курултайында пикирин билдирип, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбековду сынга алган эле. Андан кийин үн ката элек болчу…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар