“Ата Журттун” лидерлери кол тамгаларды тапшырды

Акматбек Келдибеков 54 миңге жакын, Камчыбек Ташиев 45 миңден ашуун жарандын кол тамгасын тапшырганын БШК 24-августа кабарлады.

“Ата Журт” партиясы эки талапкерди көрсөткөн. Экөө тең 30 миңден кем эмес жарандын колун топтоо талабын аткарды. Эми БШК аларды текшерип чыгып, 10 күндүн ичинде жообун берүүгө тийиш.

Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков, Адахан Мадумаров жана Азимбек Бекназаров кол тамгаларды тапшырган эле. Булардын ичинен Сариев, Бабанов, Төрөбаев жана Жээнбеков талапкер катары расмий катталды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар