“Ата Журттан” экөө…

“Ата Журт” партиясы 18-июлда Бишкекте курултайын өткөрдү. Партиянын делегаттары Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкер кылып көрсөттү. Ошону менен партия атынан эки талапкер аттана турган болуп калды.

“Ата Журт” партиясынын эуки талапкер көрсөтүүсүнүн себеби, бир талапкерди БШКа каттабай койсо, экинчи талапкер күрөштү улантат деген максат. Белгилүү болгондой, Жогорку Сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу ноябрь айында бүтөрүн билдирген. Кыргызстан мыйзамдарына ылайык соттолгон же соттуулугу жоюла элек жаран шайлоого талапкер катары катыша албайт.

“Ата-Журттун” курултайына  атаандаш талапкерлерден Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев катышып, каалоолорун айтты.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар