“Ата Мекен” атамбаевчыларга “атака” баштады…

Атамбаевдин “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” доорунда “Ата Мекен” катуу жабыркады. Катуу кармашта күч тең болбой “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев абакка салынды. Аида Салянова куугунтукталып, мандатынан ажыратылды. Алмамбет Шыкмаматов соттон-сотко сүйрөлүп, ден соолугун жоготту…

Президент алмашканы “Ата Мекен” үчүн да кырдаал өзгөрө баштады. Ага Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков ортосундагы жарака себеп болуп берди. Атамбаевдин Жээнбековго “мен айткандай болосуң” деп опурула бериши, Жээнбековдун чыдамын кетирип, намысын ойготуп, ал өзүнүн саясатын жүргүзүүгө киришти. Жээнбековдун саясаты болсо Атамбаевдин жана анын кадрларынын кызыкчылыктарына төп келе бербей жатат…

6-апрелде “Ата Мекен” фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Баш прокурор Индира Жолдубаева корккондой отчет тапшырууга келе да албады. Анын ордуна орун басары Бөкөнбай Казаков келди.

“Ата Мекенчилер” Жолдубаева тарабынан мыйзамсыз кылмыш иштер козголгон, прокуратура кызматы натыйжасыз иштеген, мамлекеттүүлүккө доо кетирген деген айыптарды койду. “Ата Мекенчилер” ошондой эле Атамбаевдин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына “досторунун” акчасына өзүнө дача куруусунун мыйзамдуулугун да текшерүүнү талап кылды. Атамбаев дачаны  89 млн. сомго курган.

Бөкөнбай Казаков президент Сооронбай Жээнбековдун тарабына өткөндөй. Ал “Ата Мекен” фракециясынын жыйынында президенттин 8-февралда Коопсуздук Кеңеште Башкы прокуратурага карата айткан сыны чындык деп, мурда жабылган же кыскартылган коррупциялык иштер кайра каралып жатат деди.

Атамбаевчылар 8-февралда Жээнбековго “башка докладды берип койсо, ошону окуп салган” дегендей айып коюп жатышкан. Казаков алардын “ашмалтайын” өздөрүнө кайтарды.

Башкы прокуратура фракцияларда отчет берип, андан кийин палатага чыгууга тийиш. Жогорку Кеңештин жыйынында да Индира Жолдубаева “оңбой” калат го… Анткени Жолдубаеваны кызматтан кетирүү менен президент Сооронбай Жээнбековго жардам берүүнү көздөгөн депутаттар парламентте жетиштүү экени тууралуу маалыматтар бар.

Ушундай эле тагдыр Атамбаевдин эң бир баалуу “любимчиги” Сапар Исаковду да күтүп турганы айтылууда.

Жолдубаеванын жакын тууганы баңгизат менен кармалган окуялар да кайра козголуп, Атамбаевдин заманын далай эңсейт го.

“Ата Мекендин” чыйралышына негиз бар. Анткени калк ичинде Текебаевдин бошотулары тууралуу сөздөр бар. Эгерде Текебаев абактан чыгып, мурунку иликтөөлөрүн кайра баштаса, анда атамбаевчыларга аябай ысык болуп, качканы качып, калганы “салкын” жайлардан орун алар бекен?…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар