Астанада ЕЭАБ өкмөт башчылары чогулду

14-августа Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүүдө. Ага катышуу үчүн 13-августа кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Астанага барды. Ал Казакстан борборунда премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Жээнбеков «Токмок-автодорожный» жана  «Кең-Булун – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүү, «Ак-Тилек – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна кыргыз тараптан жана «Кара-Суу» казак тараптан көпүрө курууну тездетүүнү сунуштаганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар