Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жолугушту

Бүгүн, 15-мартта Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушту.

Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты. Түркмөнстандын атынан өлкөнүн парламент төрагасы Акжа Нурбердыев барат. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсү кабыл алышты. Анда регион калкын Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жаз майрамы алдындагы жолугушууну символикалык деп аташкан. Төрт президент региондо соода-экономикалык, суу-энергетика, транспорт, коопсуздук багыттарында кызматташууну жактаган.

Жолугушууга катышуу үчүн кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Астанага бүгүн учуп барды. Анда мамлекет башчы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты сүйлөшөт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий сапары менен Астанага кечээ барган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен бүгүн барды.

Күн мурун өзбек президентинин басма сөз кызматы Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу Шавкат Мирзиёевдин сунушу боюнча өтүп жатканын билдирген.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар