Астана сүйлөшүүсүнөн натыйжа бар. Бирок аз… (видео)

 

18-октябрда Астанада кечинде кыргыз-казак өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсү болду. Чек арадагы кырдаалды сүйлөшүү үчүн Астанага өкмөт башчы Сапар Исаков, анын биринчи орун басары Толкунбек Абдыгулов баш болгон  өкмөт мүчөлөрүнүн жоон топ делегациясы барды.

Сүйлөшүүлөр соңунан кийин Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин 19-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар 19-октябрь 00.00 сааттан тарта кыргыз-казак чек арасынан кол жүгү менен жөнөкөй жарандарды, автобустарды, жеңил автоунааларды жана жүксүз чоң автоунааларды биринчи өткөрүүнү макулдашты.

Калган маселелерди талкуулап чечүү үчүн эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топ түзүү макулдашылды.

Казак тарап чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл,Кытай товарларын реэкспорттоо жүрүп жатат деп маселе көтөрүшкөн.

Демек, кыргыз-казак чек арасында айыл чарба продукцияларын, өнөр жай товарларын өткөрүүдө казак тараптан катуу текшерүү кала берет. Казак тарап маселе катары коюп жаткан Кытай реэкспорту, мөмө-жемиш, жер-жемиш,Кыргызстан тигүү тармагынын жана башка товарларын экспорттоо же Казакстан аркылуу башка базарларга алып чыгуу маселеси кала берет.

Бул маселелерди чечүүнүн үстүнөн биринчи вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги жумушчу топ иштейт.

Кыргыз-казак мамилеси 19-сентябрда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алып, колдоо көрсөткөндөн кийин бузула баштады. Назарбаевдин мындай кадамына нааразы болгон президент Алмазбек Атамбаев анын дарегине кескин жана одоно сөздөрдү айтты.

Казак тарап ага кыргыз-казак чек арасында текшерүүлөрдү күчөтүү менен жооп берди. Андай текшерүү жүк, товар агымдарынын кескин кыскаруусуна аплып келди.

Казакстан жасаган транспорттук блокаданын айынан Кыргызстанда баалар көтөрүлө баштаганы, ири Дордой базарында соода токтоп, жүз миңдеген тигүүчүлөр да жумушсуз кала турган болууда.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар