Аскерий кубаттуулуктар жарышы. Кыргызстан канчанчы орунда?

“Global Firepower” эл аралык компаниясы дүйнө мамлекеттеринин аскерий кубатын салыштырып чыкты. Бул компания жыл сайын мындай салыштыруу жүргүзөт. Августа 2017-жылдагы жаңы иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

“Кыргызстан армиясы учурда жоого жөндөмдүү, күжүрмөн даярдыгы мыкты” деп президент Атамбаев билдирип, аны президенттигиндеги жетишкендиктеринин бири катары баалап келатат.

Эл аралык эксперттер болсо 133 мамлекет ичинен Кыргызстан армиясынын кубаттуулугун 108 орунга койгон. Регион мамлекеттеринин ичинен Тажикстан Кыргызстандан 4 орун артка коюлган. Тажикстанга 112 орун берилген.

Кыргызстандын аскер бюджети 240 млн. доллар деп эсептелген.

Республикада 6 аскерий учак, 6 тик учак, 4 транспорттук учак жана 150 танк бар деп көрсөтүлгөн. Булардан сырткары артиллерия, аскерий транспорт, ракеталар, аскерлердин саны жөнүндө да маалымат берилген. “Global Firepower”дин эсеби боюнча, кыргыз армиясынын катарында 23 700 жоокер бар. Алардын 13 700 кызматта болсо, 10 миңи резервде.

Борбор Азия региону боюнча Өзбекстан армиясы эң кубаттуу деп табылган. Ал 48 орунда турат. Казакстан болсо 55 орунда. Түркмөнстан 86 орунда.

Өзбекстанда 175 аскерий учагы, 70 тик учагы 420 танкасы бар деп эсептелген. Аскерий бюджети 700 млн. доллар. Ал эми аскерлеринин саны 76500 деп саналган.

Кыргызстандын дагы бир кошунасы Казакстандын аскерий кубаты Өзбекстандан жети орунга артка коюлган. Казакстанда 106 миң 500 аскери, 239 аскерий учагы, 67 тик учагы жана 300 танкасы бар деп эсептелген. Аскерий бюджети болсо 2 млрд. 435 млн. доллар.

Дүйнө жүзү боюнча алганда аскерий кубаттуулугу боюнча Кошмо Штаттар биринчи орунга коюлган. Экинчи орунда Орусия, үчүнчүдө Кытай турат.

Биринчи ондукка Түркия киргизилип, ага 8чи орун берилген. Төртүнчү орунда Индия, бешинчиде Франция, алтынчыда Британия, жетинчиде Япония, сегизде Түркия, тогузда Германия, ал эми онго Египет коюлган.

Кошмо Штаттар менен тирешип турган Түндүк Кореяга 23 орун, Түштүк Кореяга болсо  12 орун ыйгарылган.

Жакынкы Чыгыштагы эң кубаттуу жана ядролук куралы бар Израиль негедир Египет жана Түркиядан артка коюлган. Бул өлкө 15 орунда турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар