АШАнын варианттары…

16-апрелде Атамбаев Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы үйүндө КСДП фракциясынын мүчөлөрүн кабыл алды. КСДПнын парламентте 38 депутаты бар экени маалым. Атамбаев менен жолугушууга мына ошол 38 депутаттын жарымы катышкан. Калган жарымы ар кандай себептер менен жолугушууга барган эмес.

Жолугушууга барган 19 депутаттын ичинен 10го чукулун Атамбаев эркинен чыкпай тургандар, ага берилгендер деп айтууга болот. Ал эми жолугууга келбей калган 19 депутаттын ичинен да 6-7 депутат Атамбаевге ыктагандар.

Бул санак КСДП фракциясы учурда экиге бөлүнүп, бир тобу президент Жээнбековго, экинчи бөлүгү Атамбаевге тартып турганын айгинелейт. Албетте, өзүнчө партия түзүп же башка саясий күчтөр менен келечегин көрүп турган КСДПчылар да жок эмес.

Атамбаевдин Кытайдан келер замат фракция мүчөлөрү менен жолугушуусу алдыдагы саясий күрөшкө, ал күрөштөгү Атамбаевдин тактика жана стратегиясына байланыштуу. Атамбаев тактикасы Сапар Исаковдун өкмөтүн сактоо, демек азыркы коалицияны сактоо. Эгерде бул ишке ашпай калса, анда парламенттик шайлоого кам көрүү.Бул эми стратегиялык маселе.

Атамбаев үчүн парламенттик шайлоо канча ылдам болсо, ошончо максатка ылайыктуу. Анткени башка саясий күчтөр уюшуп, күчтөнө электе жана КСДП биротоло ыдырап, Атамбаев командасы алсырап бүткөнчө шайлоого барып, байгеге жетишүү керек. Мына ошону менен “негизги жоо” болуп жаткан Жээнбековдордун жазасын бериш керек.

Атамбаев президент кезинде  саясий күрөштө “ашкере кумарпоз” сыяктуу аянбастан, акыр аягына чейин чабууга же барууга кынык алып калды. Бул ирет да тобокелге салууга даяр.

Белгилүү болгондой жакынкы күндөрү коалиция тарап, Сапар Исаковдун өкмөтү кызматтан кетери жөнүндө сөздөр абдан көбөйдү. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Исаковдун өкмөтүнүн кетишин ишке ашкан нерсе катары айтып жатышат.

Сапар Исаков болсо отчетун тапшырып калуу жана элге көрүнүп калуу максатында “Акылдуу шаарын”, “Кырк кадамын” болушунча пиар кылып, жолго бир видеокамера койсо да кыйкырып жатат.

Сапар Исаков Атамбаевге абдан берилгендигин көрсөтүп, анын мурунку жансакчысы Болот Сүйүнбаевди экономикалык кылмышка каршы күрөш кызматынын башына 16-апрелде дайындады. Өткөн жумада Сүйүнбаевди президент Жээнбеков УКМКа орун басары кызматынан берген арызына жараша бошоткон эле. Сүйүнбаевге чейин экономикалык кызматка каршы күрөш кызматын Замирбек Осмонов жетектеген эле. Ал шоопур Илмиянов учурунда абдан эле чалчактап, жогору кызматтарда иштеди. Илмиянов таасири азайып, ал эмес айрым маалыматтар боюнча сырткары чыгып кеткенден кийин анын кадрлары да чабыла баштады.

Ошентип, Атамбаевге таянган Сапар Исаков президент Жээнбековго каршы кадрдык жүрүштөрдү жасап жатат.

Буга жооп жакынкы күндөрү берилмекчи.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар