АШАнын реваншка үмүтү үзүлдүбү?…

АШАнын реванш менен бийликке келүү мүмкүнчүлүгү бара-бара азайууда. Анын кыябы келсе күзүндө бийлик алуу максатынан жана ал үчүн жасап жаткан аракеттеринен кабардар болгон бийлик 4-июнда ага өлөсөлүү сокку урду.

АША “оң колум” деген Сапар Исаков эки айга абакка салынды. Ага коррупция боюнча айып коюлду.  Сапар Исаков куратору болгон Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу (386 млн. доллар), Чолпон-Атадагы ипподром, Тарых музейиндеги (миллиарддаган сомдор)чектен ашкан коррупциялык көрүнүштөр анын өтө олуттуу айыптоолор алдында экенин көрсөтөт.

Сапар Исаков АШАнын доорунда бул эле эмес, башка миллиарддаган долларлык бири долбоорлорду да көзөмөлдөп, коррупциянын туу чокусунда сайран куруп турганы азыр эми айкын көрүнүүдө.

4-июнда Сапар Исаков менен кошо АШАнын эски үзөңгүлөшу Кубанычбек Кулматов да камакка алынды. Бирок ага коюлган айыптар бир топ жупуну. Ал ТВЕА мектеп куруу үчүн берген 2 млн. долларды каалагандай калчаган деп эле айыпталып жатат…

АШАны экинчи жолу саткан Осмонбек Артыкбаев да эки айга капаска салынды. Ал парламентте Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция талкууланып жатканда өзүн “күнөөсүз аткаруучу” катары көрсөтүүгө аракет жасады. Ал АШАдан түшкөн тапшырманы, Айбек Калиев көтөргөн демилгени аткарып жүргөнмүн деп “периште сымал” божурады.

Бирок Калиев демилгенин автору Артыкбаев дал өзү экенин абакта отуруп ырастап, анын натыйжасында Артыкбаев 4-июнда абакка алынды.

Артыкбаев 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин АШАны сатып, Курманбек Бакиев командасына өтө качкан эле. Бирок 2010-жылдан кийин АШАнын колтугуна кайра келип, энергетика тармагын дилетанттык менен башкарып, көп терс көрүнүштөргө алып келди. Токтогул ГЭСиндеги авариялар, сууну сатуу, анын айынан Казакстандан өтө кымбат баада электр энергиясын сатып алуу, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруудагы алешемдиктер…

Атамбаевдин мына кадрларынын камакка алынышы, Абдил Сегизбаев, Иса Өмүркулов, Туйгуналы Абдраимов жана башкалардын “сатып” кетиши АШАнын реванш жөнүндөгү кыялы суу кечпей калганынан кабар берет. Айтмакчы, АШАнын «иниси» Албек Ибраимовго да берене илинип, кылмыш иши козголгон. Ал дагы абактан орун алып калышы ыктымал…

Бирок көп нерсе Сооронбай Жээнбеков жана анын командасынын ишине жараша болот. Эгерде Жээнбековдун коррупция менен күрөшү АШАнын командасын алсыратуу, финансылык агымдарды бөлүштүрүү менен чектелсе, Абылгазиев өкмөтү экономиканы өйдөлөтүүгө, С.Жээнбеков өзү арасат жолдогу саясий системаны өзгөртүүгө жетишпесе, анда башка жараяндар күчөй баштайт. Андай жараяндын жүрүшүнө АША эле эмес, башка саясий күчтөр, саясатчылар кызыкдар. Алар үчүн 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Жээнбековдордун күчтүү болушу керек эмес.

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар