АШАнын “эрке-талтаңдары” абак алдында…

Атамбаевдин эң жакындарынан болгон, ошого жараша ой-да тайраңдаган Сапар Исаков жана Албек Ибраимовго кылмыш иши козголду.

АША “оң колум” деп атаган Сапар Исаков өкмөт башчылык деңгээлге жетип, ага чейин да Атамбаевдин бардык кыңыр иштеринин куратору болуп келген. Ага коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. “Тазамын” деп так секирген Сапар Исаковдун кулагы бардык акчалуу долбоорлордон, ал жерлерде орун алган коррупциядан көрүнүп жатты.

Бирок аксынган Сапар Исаков ага карата козголгон ишти угуп, “шок” болуп калганын билдирди. Исаковду “шок” абалга жеткирген кылмыш иши 29-майда козголуп, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу болгон. Сапар Исаковго карата Тарых музейин реконструкциялоо боюнча да кылмыш иши козголуусу күтүлөт. Ошондуктан Сапар Исаковдун далай жолу “шок” абалга түшүүсү ыктымал.

Ал эми Албек Ибраимов Атамбаев доорунда “Дастан” заводун каалагандай калчоодон тартып, Манас аба майданын, Бишкек эркин экономикалык аймагынын тарпын чыгарды. Соңунда Бишкек мэрлигине отуруп калган эле.

Албек Ибраимов 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин “Дастанга” келгенде 3 млн. доллар уурдалганы боюнча жаңжал чыккан. Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Бирок Атамбаев каратууга жеткирген эмес.

Эми мына 30-майда дал ошол “Дастандагы” уурулук боюнча кылмыш иши козголуп олтурат. “Дастандагы” иликтөө акыр-аягына чейин бара турган болсо, анда Атамбаевдин өзүн да абакка сүйрөп келиши ыктымал. Анткени Атамбаев дал ошол “Дастан” заводуна караштуу жерге хан сарай куруп алган…

Атамбаевдин дагы бир эркеси Кубанычбек Кулматов да кылмыш тергөөсүндө жүрөт. Ага да коррупция боюнча кылмыш иши ачылган.

Сооронбай Жээнбеков АШАнын жанындагы “кол тийбестерди” кокодон алып, колуна кишен салуу алдында турат…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар