АША салган кургуй жөнүндө азыноолак кеп…

Жакында мурунку президент Атамбаев анын президенттиги учурунда тышкы карыз көбөйдү дегенге жооп берди. Ал жообун өзүнө ыңгайлуу жагдайга салыштырып берди. Тактап айтканда, тышкы карыз менен ИДПнын көлөмүн салыштырып, ал коркунучтуу деңгээлге жеткен эмес, тескерисинче төмөндөгөн деп негиздеген. АША бийликке келгенимде өлкөнүн ИДПсы 212 млрд сом болуп, ал тышкы тышкы карыздын 58% түзүп турган, ал эми бийликтен кетип жатканымда ИДПнын көлөмү 493 млрд. сомго жетип, тышкы карыз анын 53.8% түзүп калды, бул тескерисинче карыздын 4%га төмөндөөсүн билдирет деп белгилеген.

АША ошондой эле президенттиги учурунда 3.5 млрд. доллар гранттык жардам тартканын, анын уландысы азыр да келип жатканын айтат.

Азыркы бийлик эр болсо грант, насыя тартып, экономиканы көтөрсүн деп Жээнбеков-Абылгазиевдин талылуу жерине тээп өткөн.

Чындыгында Жээнбеков жана Абылгазиев инвестиция тартуу, насылуу алуу, мамлекет үчүн пайдалуу ири долбоорлорду ишке ашыруу жагынан абдан аксап турат. Экономиканын өсүшү, инвестициянын көлөмү уламдан улам басаңдоодо…

Бирок АША карыздар жөнүндө сөз козгоп жатып, тышкы карыздын мамлекетке тийгизип жаткан өтө оор запкысы жөнүндө кеп кылган эмес. Чындыгында ИДПнын көлөмү карапайым мугалим, дарыгер үчүн абстрактуу нерсе. Ал эми бюджет-анын турмушуна түздөн-түз таасир эткен реалдуу нерсе.

Мына ушул бюджетке АШАнын убагында көбөйгөн ички жана тышкы карыз абдан терс таасирин тийгизип жатат. Ал жөнүндө АША негедир сөз кылгысы келген эмес. Эмесе фактылар:

Кыргызстандын быйылкы жылы бекиткен бюджети 140 млрд. сомдун тегерегиндеги сумманы түзөт. (Анын да 40 млрд. сому грант жана башка жардамдар менен толтурулат).

Мына ушул 140 млрд. сомдун ичинен быйылкы жылы карызга 28 млрд. сом, келерки жылы 35 млрд. сом төлөнөт. Бул 2 млрд. доллардын тегерегиндеги бюджет үчүн абдан чоң сумма. Мына ушул карызды төлөө машакаты мугалим, дарыгер жана башка бюджеттен айлык алгандарга маянасын көтөрүүгө эч мүмкүнчүлүк бербей келатат.

Карыздын залакасы жана оордугу келечекте мындан да артат. Анткени жалпысынан 2 млрд. долларга жакын болгон Кытай карызынын үстөгүн төлөө мезгили келатат. Анын мөөнөтү, үстөгү Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктыкындай жеңил эмес. Маселен, бул эл аралык финансылык уюмдар Кыргызстанга насыяны 49 жылга жана 0.5% үстөк менен берген. Кытай карызы болсо 20 жылга 2% үстөк менен берилген.

2 миллиард доллардын 2% үстөгү асман чапчыган суммага жетет. Ал чамасы абдан эле чакталуу Кыргызстан бюджети үчүн өлчөөсүз оор болот…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар