Армения жолу Кыргызстанды күтөт…

Армения быйылкы жылдын март айынан тартып, толук парламенттик башкарууга өтөт. 2-мартта Армения парламенти президентти шайлап, ошону менен 2015-жылы референдумда кабыл алынган Конституциянын өзгөртүлгөн варианты күчүнө кирет. Арменияда президенттин ыйгарым-укуктары чектелет. Аткаруу бийлиги толугу менен премьер-министрдин колуна өтөт.

Эки жолу шайланып, үчүнчү ирет шайланууга укугу калбаган армян президенти Серж Саргсяндын өкмөт башчы  болуп, “эки тизгин бир чылбырды” кайрадан колуна алуусуна толук жол ачылат. Саргсян биздин Атамбаев сыяктуу “өкмөт башчы да, төрага да болбоймун” деген жайы бар. Бирок “калктын, парламенттин суранычын кыя албайт го” деген пикирлер Арменияда күчтүү.

Ал үчүн парламентте шарт бар. Анткени парламенттик шайлоодо Саргсяндын Армения республикалык партиясы жеңишке жетишкен. Парламентте анын өкмөт башчылыкка шайланышына добуш жетиштүү.

Кыргызстанды мына ушул Армения жолуна түшүүнү көздөгөн күчтөр бар. Алар бийликти кармап турушат жана абдан таасирлүү.

Кыргызстанды толук парламенттик башкарууга өткөрүүнү мурунку президент Атамбаев жактап келатат. Ал баарына белгилүү.

Өткөн жылы декабрь айынын башында өкмөт башчы Сапар Исаков “Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп, президентти парламент шайлаш керек. Бул менен инсан катары жеке пикирим”- деп билдирген эле.

Маселе-булар аны аткарууга качан киришеринде турат. Жакынкы аралыкка белгиленип жаткан КСДПнын курултайы жана анда Атамбаевдин партия лидерлигине шайланышы бул максатты турмушка ашырууда биринчи кадамдардан болуп калышы ыктымал.

Атамбаев партиясын тазалап, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин өзү түзүп, анын башында туруп парламенттик шайлоого барарын билдирген. Маселе –бул иш качан аткарылышында турат. КСДПнын курултайынан кийин эле КСДП фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого жол ачылабы же парламентти мөөнөтү бүткөнчө иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилеби?

Бийликке жакын айрым саясат таануучу Бакыт Бакетаев  “азыр Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Бирок президенттик шайлоодон кийин анын коом менен конструкциясы туура келбей калды. Ошондуктан бул парламент коомдогу саясий конструкциянын күзгүсү боло албай калды. Коомдун талабы менен саясий конструкция дал келүүгө тийиш” деп, кезексиз парламенттик шайлоо болорун ачык эле кыйытып жатат…

Жаңы парламенттик шайлоо Атамбаевге эмне берет?  Белгилүү болгондой Атамбаев парламентте 2-3 фракция болушу жетиштүү деген. Демек, Атамбаев парламентке КСДП менен кошо бир-эки жандоочу партияны алып келип, ал аркылуу парламент, өкмөттү толугу менен колуна алуусуна шарт түзүлөт.

Мындай парламент менен Конституцияга өзгөртүү киргизип, толук парламенттик башкарууга, ал жерде өкмөттү колуна алып, бийликти толугу менен колуна алууга мүмкүнчүлүк алат.

Эң башкысы, кокусунан кыйчалыш учур болуп калса бул Жогорку Кеңеш Жээнбековду колдоп жибербейби деген коркунучтан биротоло айрылат…

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар