Араб дүйнөсүндө дипломатиялык кризис. Катар катардан чыгарылууда

Сауд Аравиясы, Египет, Бахрейин жана Бириккен араб эмираттары Катар менен дипломатиялык байланышын үзгөнүн жарыялады.SPA маалымат агенттигине жарыяланган Сауд Аравиясынын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө өлкөнүн улуттук коопсуздугуна байланыштуу Катар менен дипломатиялык байланыш токтотулганы айтылат.

Катар террорчулукту колдойт, маалымат каражаттары аны пропагандалайт деп айыпталды. Египет да Катарды Даешти, Аль-Каиданы колдойт деп айыптады.

Катар менен дипломатиялык байланышын үзгөнүн Йемен, Ливия дагы жарыялады. Диломатиялык байланышты үзүү менен бирге транспорттук каттам да токтотулат.

Кыргызстан тышкы иштер министрлиги  «Флай Дубай» компаниясы Дубай-Доха-Дубай каттамы боюнча учууларды токтотконун маалымдап, бул багытта учууну көздөгөн кыргыз жарандарын эскертти.

2 миллиондун тегерегинде калкы бар Катар эң бай мамлекеттердин катарына кирет. Анын Ички дүң продукциясынын көлөмү 325 млрд. доллардын тегерегинде.

Катар абсолюттук монархия. Аны эмир Тамим бин Хамад аль Тани башкарат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар