Араб дүйнөсү дагы бир кырылыш алдында…

Сауд Аравиясы, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейин Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөнү 5-июнда маалымдаган. Аларга Йемен, Ливия жана Мальдив аралдары кошулду.

Катарга каршы транспорттук блокада дагы жарыяланды.

Кургак жер аркылуу Сауд Аравиясы менен гана чектешкен Катарга азык-түлүк жана башка зарыл буюм-тайымдардын келишине чек коюлду.

Катар террорчуларды колдойт деп айыпталды.

Египет Катар “Мусулман агаиндар” кыйымылын колдойт деп буга чейин эле нааразы болуп келген. Египеттин азыркы президенти генерал  ас-Сиси “Мусулман агаиндар” кыймылынын өкүлү  Мохаммад Мурсини кулатып,президенттикке келгени белгилүү.

Катарга блокада жарыялаган өлкөлөр ичинде Сауд Аравиясы лидерлик позицияда. Ал эң бай жана таасирлүү мамлекет.

Сауд Аравиясы Катардын Иран менен жакындашуусуна кескин нааразы экенин эл аралык эксперттер белгилешүүдө.

Иран Сауд Аравиясынын эң башкы регионалдык атаандашы жана душманы аталган.

Катар кризиси  Перс булуңунда араб өлкөлөрүнүн ортосунда жаңы согуштун чыгышына алып келет деген чочулоо дүйнөдө күчөөдө. Маселен, Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль “бул чатактын согушка айлануу коркунучу бар” деди.

 

Кошмо Штаттар кайсы тарапта…

Катар кризисинде дүйнөдөгү ири мамлекеттер жана региондогу башка таасирлүү өлкөлөр позицияларын такташууда.

Кошмо Штаттар Катарда ири аскердик базасы турганына карабай, Сауд Аравиясын колдоду. Президент Дональд Трамп Катар “мурдатан эле террорчулукту колдоп келгени белгилүү болчу” деди. Ошол эле учурда АКШ президенти чатакты жөнгөрүүдө ортомчулукка мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду сунуштады.

АКШ президент Трамп май айында Сауд Аравиясына жасаган сапарында Сауд Аравиясына 110 млрд. долларга курал сатуу боюнча келишим түзгөн. Кырдаалдын чыңалышы курал саткан өлкөлөр үчүн пайда гана алып келет…

 

Түркия позициясы

Түркия Катардын тарабын алды. Кризиске улаалаш Катарга түрк аскерлерин жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Блокадага алынган Катарга Түркия азык-түлүк жана башка материалдык жардамын жөнөттү.

Түркиянын азыркы бийлиги Египетте Мурсинин бийликке келишин колдогон. Аны кулатууну айыптап,  ас-Сисинин бийликке келишин төңкөрүш деп атаган. Ошондуктан Анкара менен Каирдин мамилеси начар, тескерисинче  Катар менен Түркиянын регионалдык саясатта жакындыгы бар.

Катар да Түркия сыяктуу эле Иран менен мамиленин жөнгөрүлүшүн кубаттайт.

Орусия бул чатакты диломатиялык жол менен чечүүгө аракет жасарын билдирди. 10-июнда Москвада Сергей Лавров Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдель аль Тани менен сүйлөшүү  өткөрдү.

Лавровдун айтымында, орус президенти региондогу мамлекет башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чатакты дипломатиялык жол менен чечүү аракетин жасоодо.

Ошентип Катар кризисин чечүү үчүн дипломатиялык аракеттер жасалууда. Бирок анын натыйжасы кандай болорун айтуу кыйын…

Жалаң түшпөс хандар башкарган араб өлкөлөрү акыркы мезгилде кандуу кризистерге көп кабылууда. Маселен, Ирак, Сирия, Йемен, Ливия…

Эми дүйнөдөгү эң бай өлкө саналган Катар кошуналары менен чоң кризиске кабылып турат…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар