Апталык сереп: «Обезжиривание» кезеги кимде? Оппоненттер оттон-сотко…

Elnews маалымат-талдоо агенттиги жума ичиндеги орчун окуяларды талдоого алган  “Апталык сереп”  макаласын жарыялай баштайт. Жыйынтыктоочу бул макала жуманын соңунда чыгып турмакчы.

 

Узап бараткан жума Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгын белгилөө менен башталып, Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго кылмыш ишинин козголушу  менен коштолду. “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевге дагы бир кылмыш иши козголгону да маалым болду. Булардын сырткары саясий өңүтү үстөмдүк кылган  Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровго байланыштуу соттук  териштирүүлөр баштала турган болууда.

Эл аралык аренада Кабулда эң ири терракт жасалып, ал 90 кишинин өмүрүн алды. Ал эми АКШнын Париж климаттык келишиминен чыгуусу Европа Биримдигинде катуу сынга алынды.

 

Күн тартибинде саясий оппоненттерди соттоо

Адегенде, Куралдуу күчтөр жөнүндө. Албетте, мамлекетте кубаттуу Куралдуу күчтөр болушу -сыймык. Бирок биздин бийлик Орусия бекер берген эски курал, техника менен бир аз куралдантып, армияны ирденттик, түздүк деп мактанууда . 29-майда Куралдуу күчтөр күнүндө мына ушундай көкүрөк кагуулар болду.

Орусиядан курал алуу боюнча  сүйлөшүүлөр болсо 2006-жылы эле башталган… Куралдын азыркы кезге карай берилиши болсо, Орусия өз армиясын жаңы үлгүдөгү куралдар менен жабдып, эскилерин колдонуудан чыгара баштаган мезгилге туура келүүдө.

Бишкектин жолдору боюнча да ошондой эле көрүнүш.  Кытай өз грантына  (1 млрд. юань же 10млрд. сом) Кытайдан жумушчуларын алып келип оңдоп жаткан жолдорду,  биз оңдоп жатабыз деп мактанууда.

Саясий өчөшүүнүн айынан абакка салынган Өмүрбек Текебаевдин ишин Биринчи май райондук соту 5-июнда карай баштайт.  “Ата Мекендин” лидери Текебаев 18-февралда чет жактан Кыргызстанга келгенде Манас аба майданынан  “спецназ” менен кармалган.

Кармоого орус ишкери (Орусияда мошенник катары сыпатталган) Леонид Маевскийдин “Текебаевге 1 млн. доллар пара бергенмин” деген көрсөтмөсү негиз болуп берген.

Президент Атамбаев менен тирешип, анын коррупциялык иштерин ачуу үстүндө аракеттенип жаткан Текебаевди камоого  албетте (жети жылдан кийин пара бергени эсине келген) Маевскийдин сөзү жетиштүү болгон.

Негизи парага байланышкан иштерде атайын далилдер болбосо жөнөкөй гаишникти кармоо да мүмкүн эмес. Маселен, паракорду кармоодо акчаны боеп, ага паракордун колунун изин түшүрүү, фото-видеого тарткан  фактылар  болуш керек.

Ал эми Текебаевдин ишинде алардын бири жок.

Ошентип 5-июнда бул иш боюнча соттук териштирүү башталат. Бир жагынан Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Өмүрбек Текебаев жана анын адвокаттары  коргонууга чыкса, экинчи жагында прокуратура,  бийлик айыптоочу катары чабуулда болот. Бийлик таасириндеги сот чечим чыгарууга тийиш…

Ушундай эле соттук териштирүү Садыр Жапаровдун үстүнөн 6-июнда башталат. Эки-үч жыл сыртта жүргөн  Жапаров 25-мартта Орусиядан  Кыргызстанга келер замат УКМКа тарабынан кармалган.

Ага Ысык-Көл облусунун губернатору  Эмил Каптагаевди барымтага алууга аракет жасаган деген айып коюлууда. Бирок Каптагаев өзү айыптоодон баш тарткан.

Президенттик шайлоо алдында активдүүлүктү көрсөтөм деген Садыр Жапаров  абакка түшүп, азапка кабылды, кыйноого алынды.

27-майда дагы бир белгилүү оппозиционер Равшан Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү котеджи кокусунан өрттөнүп кетти.  Равшан мырза, бул кимдин колунан келгени белгилүү дейт. Бирок айныксыз далилсиз бирдемке деп айтыш кыйындыктан аргасызданат.

Бийлик Текебаев, Жапаров сыяктуу оппозиционерлер эле эмес, “Заноза” сайты жана анын журналистти Нарын Айыпты дагы сот жообуна тартууда.

Журналисттерди, активисттерди Атамбаев эле эмес, анын мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев да сотко берген.  Кезинде өмүр боюга кесилип, Атамбаевдин тушунда эркиндикке чыккан Эркин Мамбеталиев жаш саясатчы жана жарандык активист Адил Турдукуловду сотко берип, андан өз пайдасына  5 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Бишкек соту 1-июндагы чечими менен Турдукуловду Мамбеталиевдин пайдасына  50 миң сом төлөөгө милдеттендирди. Турдукулов аны да төлөбөсүн айтып, Жогорку Сотко барууга даяр турат.

 

«Арамза» артка чегинүү…

 

Маалымат каражаттары жана активисттерди сот жообуна тартууда бийлик бир аз артка чегингендей түр калтырат. Маселен, “Азаттык” радиосуна каршы берген доосун чакыртып алды. Турдукуловго  сот  5млн. эмес, андан  өтө эле аз, 50 миң сом айып пул салды… Текебаевдин ишинде да бийлик маалымат каражаттары сак-саксактап, айыптоо кыйрап каларынан катуу шектене баштады.

Мунун баары бийликтин боорукер болуп кетиши же мыйзамды сыйлай башташынан эмес.  Бул бийликтин  арамза чегинүүсүндөй болуп турат. Анткени  учурда абдан пиарланып жаткан “Таза коом” долбоору үчүн батыштан эптеп акча, грант алыш керек.

Жарандык активист, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн “грантоед” деп боктогон бийлик, Кытай, Орусия, Европанын грантысыз бир кадам да жасай албайт. “Таза коом” пиарланган долбоор деле батыштын грантысыз алдыга жылбайт.

Ал эми журналисттерди соттоп, активисттерди куугунтуктап, саясий атаандаштарды абакка салып жаткан бийликтин батыштан грант алуусу татаалыраак. Ошондуктан “Таза коомго”  “таза доллар”  түшүрүү  үчүн бийлик “карышкыр” жүзүн өзгөртүүгө аракеттенип жаткандай…

 

“Обезжирование” кезеги Жапаровдобу?…

30-майда Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго коррупция беренеси боюнча  кылмыш иши козголгону маалым болду. “Бир бол” фракциясынын эки мүчөсү 2009-жылы өкмөттө турган мезгилде 200 млн. сомду “жеп” койгон деп айыпталууда. Ал кезде Чудинов өкмөттү башкарып турса, Жапаров да чечүү кызматта отурган.

Чудиновдун үстүнөн буга чейин Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жерди трансформациялоо боюнча да кылмыш иши бар болчу. Эми бул кошумча болду.

Ар бир бийликтин тилин таап келген Акылбек Жапаров биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы турат. Жапаровду бейпайга салган  8-9 жыл мурунку иштерди казып чыгуу  максаты, аны  “обезжиривание”  эмеспи   деген шекти пайда кылат. Жапаров колунда бардар байлардын катарына кирет эмеспи… сыкса май чыгат…

Нариман Түлеев жана башка лөктөр канча байлыгынан ажыраганы коомчулукка белгилүү.

Текебаев менен тарапташ болууну чечип, бийликке каяша айта коем деген Канат Исаев да кылмыш иштеринин сазына батып баратат.  1-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болду. Бул ирет Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын имаратын эки эсе арзан саткан (1 млн. сомдой имаратты 500 миң сомдон ашуунга саткан)  деп айыпталып, коррупция боюнча иш козголду. Ага чейин козголгон кылмыш иштин алкагында Исаевден өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат алынган эле.

Өткөн жылы Текебаев менен Атамбаевдин кармашы күч алып турганда,  Канат Исаев  конституциялык реформага каршы чыккан. Ошону менен бийликтин каарына калды.  Кыр ашып кеткен кылмыш иштери кайра калкып чыга баштады.

 

Жарылган Ооганстан, Парижден качкан Вашингтон…

 

Эл аралык аренада Ооганстан кан токтобогон жараат бойдон калууда. Бул өлкө борбору Кабулда  31-июнда кезектеги кандуу терракт жасалып, андан 90 киши өмүрүн жоготуп, 350дөй киши жарадар болду. Терракт Германия элчилигине жакын жепрде жасалгандыктан, элчиликтин техникалык кызматкерлери жабыркаганы тууралуу маалымат чыкты.

АКШ баштаган коалициялык күчтөр жана ооган өкмөтү ооган калкынын коопсуздугун камсыз кыла албай жатышат.  Тынымсыз терракт жана чабуулдардан айласы кеткен АКШ баштаган коалиция Ооганстан маселесин кандай чечүүнүн айласын таппай турат.

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү баскынчылар деп атаган талиптер  чабуулун күчөтуп, каршылыгын басаңдатар түрү байкалбайт.

Ооганстанда Ислам мамлекети экстремисттик уюму да канат-бутагын жайып баратат. Кабулдагы акыркы террактыга мына ушул уюм жоопкерчилик алганын эл аралык маалымат каражаттары кабарлады.

Кошмо Штаттарды  ички маселелери  көбүрөөк түйшүккө салууда. Мамлекеттик карызы ИДПсынан алда качан ашкан, жылдык экспортунан импорту дээрлик 700 млрд. долларга көптүк кылган АКШ ички экономикасын иретке келтирип,  өндүрүштү жандантуу, анын эсебинен жумуш орундарын түзүүгө  аракеттенүүдө. Бул президент Трамптын шайлоо алдындагы убадасына дал келет.

Дал ошол өндүрүштү өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат деп, климаттын жылышына каршы биргелешип күрөшүү боюнча өткөн жылы Парижде жүздөн ашык мамлекет кол койгон келишимден Вашингтон баш тартты. АКШнын бул чечими эң жакын өнөгү Европа Биримдигинде чоң нааразылыктарды пайда кылды.

Европа Биримдигинин лидери Германия “АКШ батыштын лидери болбой калды” дегенге чейин барып жатат…

А. Акматов

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар