Апта: Сариев “алешемдиктери”, “кансыз согушка” кадамдар…

Узап бараткан жума башында президент Атамбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Президенттикке талапкерлер саны 50дөн ашып, алар мамлекеттик тил боюнча сынактан өтө баштады. Жогорку Кеңештин чукул сессиясы 21-августка белгиленгени маалым болду. Дүйнөдө АКШ менен Орусиянын мамилеси дагы татаалдашты.

 

Атамбаевдин “ажайып ачылыштары”

 

24-июлда, дүйшөмбү күнү Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Атамбаев Госдептен баштап, катардагы журналисттерге чейин тилдеп, өзүнүн бейнесин дагы бир жолу ачты.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгын Атамбаев эки жүздүүлүк боюнча айыптаса, орус генералдары жана министрлеринин дарегине Кант базасы, кыргыз-орус келишимдерин аткаруудагы оош-кыйыштар боюнча кине койду.

Кошуна мамлекеттер да куржалак калган жок.

Өзбекстан эми гана “нормалдуу” президентке ээ болду деп, бир жагынан Мирзиеевду “көтөрө чалса”, экинчи жагынан кошуна мамлекетте калыптанып келаткан Ислам Каримовдун саясатын аздектеп улантуу, аны кадырлап-барктоо жөрөлгөсүнө шек келтирди.

Ошого жараша мындай “ой келди” сөзү үчүн  Ташкен экспертинен “өзүңдү билчи” дегендей жооп алды.

Мына ушундай маалымат жыйынынан кийин Атамбаев эс алууга кетти. Кайра жумушка качан чыгары айтылбады.

 

Жээнбековго “жээригендей” мамиле…

 

Айтмакчы, Атамбаев маалымат жыйынында  Сооронбай Жээнбеков талапкер катары катталаар замат  кызматтан кетиш керек деди.  Бул бир жагынан Жээнбековдун премьер-министрдин мүмкүнчүлүгүн шайлоо өнөктүгүндө пайдалануусуна чек коет. Талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк берет.

Бирок, бул  Жээнбековду “алсыратуу айласы” эмеспи деген суроолор да пайда болууда. Анткени Жээнбеков премьер-министрликтен кетер замат, ал азыр абдан пайдаланып жаткан мамлекеттик машина кандай жана кимге иштей баштайт? Жээнбеков мамлекеттик ресурсту  иштетиш үчүн Атамбаев алдында ого бетер “жалдыроочу”  болууга аргасыз болобу?

2011-жылы Атамбаев өзү президенттик шайлоого аттанганда, өкмөт башчылыкты үгүт өнөктүгү башталганга чейин калтырган эмес болчу…

Жээнбековдун өкмөт башчылыктан кетер күнү  айкын болуп калды. Жогорку Кеңештин чукул сессясы 21-августка чакырылганын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат каражаттарына билдирди. Чукул сессияда жаңы өкмөт башчы шайланып, мүмкүн төрага да алмашат.

Өкмөт башчылыкка президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, ошол эле Иса Өмүркулов талапкерлиги каралышы мүмкүн. Эгерде алардын бири өкмөт башына келе турган болсо, анда жогорку бийликте  регионалдык балансты (жазылбаган эреже) сактоо үчүн да төраганы алмаштырууга туура келет.

Чыныбай Турсунбековдун башына “кара булут” мына ушул жагынан да айланып турат. Ага чейин төрага президенттикке барам деп, ажо жана анын эң жакындарынан катуу эскертүү алган.

Ал эскертүүдөн кийин Чыныбай Турсунбековдун деми кайтып, ажолукка анчалык алкынбай калды. Бирок да анын президенттик шайлоого барам деген сөзүн аткаруусу үчүн бир күн, 31-август гана калып олтурат. Анткени талапкерликти көрсөтүүгө 1-августка чейин гана уруксат берилген.

Президенттик шайлоого талапкер катары барам деп, талапкерликке көрсөтүлгөндөр  саны 52 жетип, алардын алды мамлекеттик тил боюнча сынактан өтө баштады.

 

Темир Сариевдин “алешемдиктери”

Талап кылынган 30 миң колдун ордуна 60 миң жарандын колун топтогон Темир Сариев, аны биринчилерден болуп БШКага тапшырды. Ошондой эле биринчилерден болуп мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Тил сынагына бараткан учурда Темир мырза “артык кылам деп тыртык кылды” дегендей абалда калды.

Ал мамлекеттик тил комиссиясына келатканда биринчиден, автоунаасында коопсуздук курун тагынбай, жол коопсуздугун бузуп келсе (президент өзү мыйзамдарды аткарууда үлгү көрсөтпөсө кандай болот?),  экинчиден, өзү айдап келген автоунаасын жөө адамдар өтө турган сызыкчаларга токтотуп, жол эрежесин заматта эки ирет бузду.

Тил сынагына кирип бараткан жерге жаштарды каз-катар тизип, аларды кол чаптырып, сөөлөт күттү…

Бирок Темир Сариев мына ушундай “чакан алешемдиктерден” эмес, 2010-жылы “вакханалия” учурунда банк уячаларынан алынган миллиондор, ал боюнча Азимбек Бекназаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн көп зыян тартчудай болуп турат. Оппоненттер Темир Сариевди дал ушул жагынан “согууга” киришип, ал видео кайрылуу жасоого аргасыз болду.

Видео кайрылууда Сариев банк уячаларынан алынган 19 миллион долларды 18 миллион долларга кыскартып, 1 миллион долларды керектүү ишке мыйзам негизинде бөлүнгөнүн кагаздар менен далилдөөгө аракет жасады, бирок… Азикеге жооп берип жатып, “эмненин гана баарын кылган жокпуз.  Анын баарын сиз жана мен гана билем”  деп, эмнелерди гана жасабаганын билдирип койгон …

 

Канатбек  да канатын жайды

“Сырттан” башкарылып калган “Кыргызстан” партиясы 27-июлда курултай чакырып, анда  президенттикке Канат Исаевдин талапкерлигин көрсөттү.  Дал ошол сырткы күчтөрдүн ( президенттик аппарат) буйругу менен парламенттеги “Кыргызстан” фракциясы Канат Исаевди өткөн жылы лидерликтен кулаткан эле.

Эми партия өзү коалицияда туруп, бирок бийлик куугунтугундагы Исаевди президенттикке көрсөтүп,  Кыргызстан саясатындагы абсурдду дагы бир ашкереледи.

“Кыргызстан” партиясынын “чыйралып” чыгуусунун себеби эмнеде деген соболдор жаралууда? Партиянын чыныгы кожоюну, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки)  Атамбаев доору бүткөндөн кийин да “оюнчу” катары калуу максатында “Кыргызстанды”, Канат Исаевди президенттик аламанга алып чыктыбы? Ал бийлик менен сүйлөшүп жасадыбы же бийлик чындап эле “аксак өрдөккө” айланып, аны укпай калыштыбы? Суроолор көп, жооп жок азырынча.

Кандай болгон күндө да Канат Исаев президенттикке аттанды. Анын аттануусу биринчи кезекте Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановго ыңгайсыз. Анткени ал Чүйдөгү мына ушул эки оор салмактагы эки талапкердин электоратын талашат.

 

Конгресс “кансыз согушка” кадам таштады…

 

Дүйнөлүк коомчулук узап бараткан жумада АКШ менен Орусиянын санкциялык согушун көңүл буруп  турду.

25-июлда АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасы, андай кийин Сенаты Орусияга каршы санкцияларды кеңейткен мыйзамды кабыл алды. Ага президент Трамптын кол коеру айтылып жатат.

Ошону менен Орусиянын Трамптын келиши менен эки ортодо мамиле оңолуу жолуна түшөт деген илгери үмүтү акталган жок. Күм-жам болду.

Конгресстин чечиминен кийин Москва АКШга карата жооп чараларды 28-июлда кабыл алууга аргасыз болду.Кремль 1-августан тарта Москвадагы АКШ дипломаттары колдонуп келген дачаларды  колдонууга тыю салды. Орусиядагы АКШ дипломаттарынын 455ин гана калтырууну талап кылды. Муну менен АКШ дипломаттары 755 кишиге кыскарарын президент Путин 30-июлда билдирди.

Өткөн жылы президенттик мөөнөтү бүтүп бараткан убакта Барак Обама Орусиянын Америкадан 35 дипломатын чыгарып, бир нече обьектерди пайдалануусуна тыю салган эле. Москва ага жооп чара колдонбой, Трамптын келиши менен мамиле оңолуу жолуна түшөт деп “сабыр” кылып келген эле.

Конгресстин санкцияларды кеңейткен мыйзамды кабыл алышы Орусиянын чыдамын түгөтүп, ал жооп чараларды кабыл алды. Эки ири мамлекеттин бири-бирине карата мындай санкциялык согушу  алардын мамилесинин “кансыз согуш” мезгилдегидей муздаган абалга келди деген негиз берүүдө.

Конгресс Орусияга каршы кабыл алган санкциялык мыйзам Иран жана Түндүк Кореяга да тиет. Түндүк Корея мыйзамдын кабыл алынышына жооп кылып, 29-июлда дагы бир континент аралык баллисттикалык ракетасын сынады.  Сыноодон кийин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын  “АКШ чагым салса, анда анын жүрөгүнө ядролук сокку урулат” деп эскертти.

АКШ президенти Трамп жана мамлекеттик катчысы Тиллерсон Түндүк Кореянын ракеталык программасы үчүн Кытай жана Орусияны айыптады. Ушул эки мамлекет жол бергендиктен Пхеньян “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” болуп жатат деп эсептейт Вашингтон.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар