Апта: Атамбаев упайы, Чыныбай үчүн чукул сессия…

Узап бараткан жумада Кыргызстанда “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” деген форум өттү. Өмүрбек Текебаевдин сотунда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берди. Президенттикке талапкерлер катары 40 чукулдап барды. Дүйнөдө Түркия менен Германия мамилеси начарлады. АКШ Конгресси Орусияга жаңы санкцияларды макулдашты.

 

Бишкекте, андан кийин Чолпон-Атада “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” деген эл аралык форум өттү. Форум президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси. Анын көптөн бери айтып келаткан пикирлеринин натыйжасы. Маселен, Атамбаевдин 2012-жылы “Манас этникалык орусиялык” деген сөзү түрдүү пикирлерди жараткан. Мына ушундай маанидеги пикирлер айтылып, топтолуп отуруп акыры атайын Форумга айланды.

Президенттин Алтай цивилизациясына көңүл буруусу ал жактагы жок болуп бараткан тектеш, тууган элдерди сактап калууну көздөгөн гуманитардык аспектиси бар. Экинчи жагынан, түрк тилдүү эле эмес башка калктардын да келип чыкан очогу болгон Алтай цивилизациясына көңүл бурууга,  унутта калтырбоого, изилдөөгө чакырат. Форум ошондой эле мына ошол чөлкөмдөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарына мамилени оң жагына буруу мүмкүнчүлүгү менен практикалык пайдасы бар.

Алмазбек Атамбаев президенттигинин акыркы айларын мына ушундай  тарыхый-гуманитардык ири форум менен жыйынтыктоодо. Эми анын алдында дагы бир ири саясий өнөктүк турат. Ал президенттик шайлоону өткөрүү жана бийликти өткөрүп берүү милдети.

Атамбаев президенттикти өзүнүн партиялашы Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берүүнү туура деп тапты. Жээнбековду тандоого ага кандай мотивдер, максаттар түрткү болгону боюнча негативдүү пикирлер көп айтылды. Бирок Атамбаевдин тандоосунун позитивдүү жагы да бар.

Кыргызстан саясатчылары регион, уруу жана кландарга бөлүнүп жатканда Алмазбек Атамбаев андай стереотиптерден жогору  экенин көрсөтүп, өзү туулуп-өскөн региондон эмес, өзүнө жакын уруудан эмес адамдын талапкерлигин колдоду. Ал тандоого каршы өз партиясындагы жана башка таасирлүү кызматтардагы регионалисттердин абдан катуу басым жана кысымдарына солк этпеди, эрчип кетпеди.

 

Убактылуулар убайга салганда

 

Президент Атамбаев узап бараткан жумада оң упай эле топтоп калбады, анын жоготуулары да болду. Өмүрбек Текебаевге “өчөшүүнүн” негизинде жүрүп жаткан сотто Атамбаевдин мурунку коллегалары, Убактылуу өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү Текебаевдин пайдасына көрсөтмө берди. Алар бир ооздон 2010-жылдан кийин экономикалык маселелерди, анын ичинде Мегакомго байланыштуу маселелерди толугу менен Алмазбек Атамбаев көзөмөлдөп келгенин белгилешти.

Атамбаев жана анын кол алдындагы УКМК, Текебаевге дал ушул Мегакомго байланыштуу айып коюп, абакка салган эле. Эми  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнөн кийин өзү толугу менен көзөмөлдөгөн ишкана боюнча, башка бирөөгө айып коюу канчалык акылга сыярлык деген суроо жаралууда жана Текебаев Атамбаевдин жеке өчөшүүсүнө байланыштуу камакка алынды деген пикирлерди бекемдөөдө.

Атамбаевди “досу” Азимбек Бекназаров да 17-июлда “Туруктуу элдик кеңештин” курултайында мүмкүн болушунча катуу сынга алды. Бекназаров Бакиевдин учурунда облустарды бир туугандары башкарып калган болсо, азыркы кезде Атамбаевдин шоопуру, жакындары башкарып калды деп сокту. Ал “Жалал-Абадды шоопурдун шоопуру, Ошту Райым миллион, Ысык-Көлдү Данияр Аттокуров башкарып калды” деп мисалдары менен айтып өттү.

Курултайда президент “досунун” дарегине мына ушундай сын айткан Бекназаров элдик ыңкылаптардын талабын аткаруу үчүн президенттикке талапкер катары аттанганын жарыялады.

Президенттик шайлоодо Азимбек Бекназаров көптөргө атаандаш болбосо да, дебаттарда далайлардын жүрөгүн алып, мурдунан суусун агызарында шек жок.

18-июлда “Ата Журт” партиясы да курултайын өткөрдү. Партия Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин көрсөттү. Партиянын эки талапкерди алып чыгуусунун себеби Келдибековду БШКа каттабай коюш мүмкүнчүлүгүнө барып такалат. Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугу ноябрь айында жоюларын эскерткен. Соттуулугу жоюлбаган адам шайлоого талапкер катары катыша албайт. Ошондуктан “Ата Журт” эки талапкерди көрсөтү. Эгерде алардын бири катталбаса, экинчиси күрөштү жүргүзө берет.

Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев менен талапкерлердин саны 37 жетип, 40ка чукулдап калды.

 

Чыныбай үчүн чукул сессия чакырылат

 

Талапкерлерди көрсөтүү 1 августка чейин уланат. Бул мезгилге чейин төрага Чыныбай Турсунбеков талапкерлигин көрсөтөбү же көрсөтпөйбү деген интрига сакталып турат. Белгилүү болгондой Турсунбеков өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөтөрүн эки-үч жолу билдирген. Бирок анысы үчүн партиядан катуу эскертүү алды.

КСДП төраганы эскертип эле калбай, ага карата кескин чара көрүүнү чечкендей. Маалымдар булактардан алынган маалымат боюнча,  15-августка Жогорку Кеңештин чукул сессиясы чакырылып, анда төраганы кызматтан алуу маселеси каралат.

Президент жана төраганын тең бири-бирине таарынышына же нааразылыгына негиз бар. Чыныбай Турсунбеков партиянын негизги демөөрчүсү катары “чачкан акчам, жумшаган катуу аракетим бааланбай калды” деп  ичтен сызса, президент Атамбаев тарап төрагалыкка көтөрүп, “чоңойтуп чочойтуп койсок, биздин эркибизге каршы чыгат” деп нааразы.

Бул таарыныч эки тараптын айрылып, ар кимиси өзүнүн жолу менен кетүүсүнө алып келчүдөй…

 

Түркия менен Орусияга Батыштын басымы күч алууда

 

Эл аралык аренада узап бараткан жумада Түркия менен Германиянын мамилесинин начарлоосу жана АКШ Конгрессинин Орусияга карата жаңы санкцияларды макулдашуусуна байланышкан окуялар орун алды.

Анкара менен Бонндун мамилеси 2016-жылдагы Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин бузулуу жагына оой баштады. Германия Түркияны демократиялык жараяндар, адам укуктарынын сакталышы боюнча сынга алса, Түркия Германия күрт жикчилдерин, террордук уюмдардын өкүлдөрүн жаап-жашырып, асыроодо деп айыптайт.

Мына ушундай нааразылыктардан өткөн жылы түрк президенти, өкмөт мүчөлөрүнүн Германияда мекендештеринин арасында үгүт иштерин жүргүзүүсүнө жол берилбеди. Ага жооп кылган Түркия Инжирликтеги базасына Германия бийлик өкүлдөрүн киргизбей койду. Ал базада НАТОнун аскерлери, анын ичинде Германия аскерлери жайгашкан.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, анын партиялашы, тышкы иштер минитсри Зигмар Габриэль  түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын саясатын сынга алып, Бонндун Анкарага карата саясаты өзгөрөрүн жарыя кылды. Ага ылайык Германия жарандырынын Түркияга баруусуна коопсуздук эскертүүлөрү катаалданат, бериле турган инвестициялык насыя жана экономикалык жардамдын шартын кайра каралат.

Экономикалык жактан алда канча кубаттуу, миллиондогон түрк мигранттары бар Германиянын мындай саясаты эл аралык аренада өзүнүн жаңы ордун аныктап жаткан Анкараны артка кайтарышы кыйын. Бирок Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу максатын дагы да татаалдантып, экономикалык абалын начарлатышы ыктымал.

АКШда болсо Конгресс Орусияга каршы саясатын аягына чыга албай келатат. 25-июлда Конгрессте Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга санкцияларды катаалдантууга добуш берилет. Жаңы  санкциялар Орусиянын энергетикалык долбоорлоруна каршы багытталат. Тагыраак айтканда, “Түндүк агымы-2” долбооруна сокку урат.

АКШ ошондой эле санкциялык тизмеге кирген орус банктарына насыя берүү мөөнөтүн 14 күн, мунай компанияларына 30 күн менен чектейт. Иш жүзүндө насыя бөлүүгө тыю салат.

АКШнын “Түндүк агымы-2” долбооруна каршы чыгуусу Европа Биримдигинде, өзгөчө Германия жана Австриянын каршылыгын жаратты. Биримдик Орусияга бир тараптуу санкция  жарыялабоону АКШга эскертти.

Европанын АКШнын Орусияга жаңы санкциясына каршылыгынын себеби бар. Анткени Европа “Түндүк агымы-2” газ кууру менен өзүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. АКШ болсо Орусия менен Европа Биримдигинин ал долбоорун токтотуп, Европага өзүнүн газын сатууну көздөөдө…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар