Алмамбетке айып пул салынды

19-декабрда Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу иш боюнча чечимин чыгарды. Сот Шыкмаматовдун күнөөсү далилденди деп таап, ага 5 млн. сом айып пул салды.

Прокуратура фракция лидерин 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн конфискациялоону сурап жаткан эле. Ага 10 миң долларлык автомашинаны 13.5 миң долларга сатып алып, мамлекетке 3.5 миң доллар зыян алып келди деген айып коюлган болчу.

Шыкмаматов ошентип айып пул менен чектелип олтурат. Бирок ал күнөөлүү деп табылды. Ал эми өзү коюлган күнөөнү моюнга алган эмес. Ошондуктан Шыкмаматов шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышы күтүлөт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар