Албек да алынды…

Атамбаевдин эң ишенген кадрларынын бири Албек Ибраимов да Сапар Исаковдун кейпин кийип, депутаттар тарабынан ишеним көрсөтпөө менен кызматынан айдалды. Жогорку Кеңештин депутаттары дал ушундай жол менен Сапар Исаковду өкмөт башчылыктан алып түшкөн эле. Анын тагдырын Бишкектин мэри Албек Ибраимов да кайталады.

13-июлда Бишкек шаарынын депутаттары чукул жыйынга чогулуп, Ибраимовго ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришти. Ибраимов өзү жыйынга катышкан жок. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени кабарланды.

Бирок Албек Ибраимов депутаттар добуш берүүсүнөн кийин кайдан-жайдан пайда болуп, интернет аркылуу кызматтан алынуусун “саясий куугунтук” деп атады. Ибраимовдун сөзүнө караганда, ал телефон тартпаган тоого чыгып кеткен экен… Демек, Ибраимовду сессияга чакырууга аракет жасалып, ал атайын таптырбай койгон.

Ибраимов маселесинин чукул козголушуна Бишкек шаары башчысыз калышы, Ибраимовдун жоопкерсиздиги себеп болгону байкалат. Анткени биринчи вице мэр Ренат Макенов коррупция боюнча айыпталып, өткөн жумада камакка алынган.  Мына ушундай учурда Ибраимов шаарды таштап, эс алууга кетип калган. Борбордун чарбалык, финансылык иши токтоп калган…

Айтмакчы, Албек Ибраимовдун өзүнө да кылмыш иши козголгон. Ал “Дастан” заводундагы коррупция боюнча айыпталууда.

Атамбаев Албек Ибраимовду коргоп, колдоп чыкты. Ал Ибраимовго каршы ыплас жаманатты кылуу жүрүп, ал саясий куугунтуктун натыйжасы белгилүү болчу, деди.

Эми Бишкек шаарына жаңы мэр дайындоо машакаты турат. Жээнбеков жана Абылгазиев бул кызматка чарбачыл, шаарды өнүктүрүүгө дараметтүү кадр таба алышабы? Маселе ушунда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар