Алай боюнча маалымат…

Кытай энергетикалык коопсуздугун диверсификациялоо жана бекемдөө максатында газ куурларын ар тараптан тартып жатат. Ошондуктан Түркмөнстан газын алып өтүү боюнча бир газ түтүгү Өзбекстан-Казакстан аркылуу Кытайга өтсө, экинчиси Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу Кытайга өтөт.

Кыргызстан аркылуу өтө турган транзиттик түтүк боюнча келишимге Атамбаев доорунда,  2013-жылы Шанхайда кол коюлган.  Келишим мөөнөтү 30 жыл деп айтылган. Газ түтүгү үчүн Чоң-Алай районунан 810 гектар жер бөлүнүп берилген. Жер ижарага берилдиби? Берилсе канчадан берилди? Бул суроолорго жооп жок.

Газ түтүк Тажикстандан чыгып, Кыргызстандын Чоң Алай району аркылуу Кытайга өтүүгө тийиш. Анын узундугу 215 чакырым келет. Жыл сайын 30 млрд. кубметр газ өтөт.

Ошол кезде энергетика министри болгон айтылуу Осмонбек Артыбаев келишим Кыргызстанга абдан эле пайдалуу деп, 30 жыл ичинде ресбуликага 2.5 млрд. доллар түшөт деп убадалаган.

Ал кезде парламент мүчөсү болгон Марат Султанов Алай өрөөнү үчүн азыраак үлүш өндүрүп калууга аракет жасап, бирок ал майнап чыгара алган эмес. Парламент келишимди шашылыш түрдө будамайлай декабрь айында ратификацияланган.

Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков болсо, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон…

2013-жылы келишимге кол коюлганда Кыргызстан түштүгү газсыз отурган эле. Маркум Ислам Каримов Кыргызстанга газ берүүдөн баш тарткан. Долуланган Атамбаев Каримов менен сүйлөшүүгө аракет да жасаган эмес.

Айтканы айткандай болуп турган Атамбаев анда Чоң-Алай аркылуу өтүүчү газ түтүктөн республика түштүгүнө газ алууну да чечкен эмес. Жээнбековдор ага сунуш айткан эмес же оюна да келген эмес…

Ошентип, Кытай өз максатына жеткен. Кыргызстандын 215 чакырым жеринен газ куурун тартып, бирок Кыргызстандын ал ишке кыпындай аралашуусуна жол бербеген.

2015-жылы өкмөт башчы болгон Темир Сариевдин маалыматы боюнча, жыл сайын 50-60 млн. доллар Кыргызстанга түшүүгө тийиш. Бул транзит үчүн акы катары болууга тийиш…

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Кыргызстанга акча төлөнөрү так жазылган эмес, эгерде транзит үчүн төлөнө турган болсо, анда ташуучу компания болуш керек, андай компания бизде жок дейт. Мамбетовдун айтымында, Атамбаев Алай өрөөнүнөн узундугу 200 чакырымдан ашуун, туурасы 10 чакырым келген жерди 30-40 млн. долларга жөн эле  берип салган.

Мамбетовдун маалыматы боюнча, газ куурларын курууда 1 миңден ашуун кытай жумушчулары тартылат. Курулуп бүткөндөн кийин төрт кыштакта жайгашкан кытай жумушчулары газ куурларын, насос станцияларын карап, иштетет. Кыргызстан ага эч кийлигише албайт.

8-майда Жогорку Кеңешке 2013-жылдагы келишимге кошумча протокол алып келинген. Бирок парламент аны караган эмес. Ошондуктан Жогорку Кеңеште Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ кууру боюнча келишимди дыкат карап, туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар.

Маселе парламенттин жана 2013-жылы келишимге кол коюлганда Ош облусунун губернатору болуп турган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эркинде турат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар