Акын Салия Жусупали кызынын китебинин бет ачаары болду (видео)

Жекшемби күнү кечинде Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрында Салия Жусупали кызынын “Жүрөктө жанган кут жылдыз” аттуу ыр топтомунун бет ачаар аземи болду.

Нарын драма театрынын артисттери акындын ырларын  көркөм-театралдаштырып окуп көрөрмандардын купулуна толду.

60 жылдык юбилейин кошо белгилеген акынды калемдештери Сүйөркул Тургунбаев, Гүлсайра Момунова, Асан Жакшылыков, Бурулкан Карагулова, атактуу ырчылар Саламат Садыкова, Дарика Жалгасынова куттуктап, жылуу каалоолорун айтышты.

Акынга куттуктоолорун ошондой эле акындын кичи мекенинен келген Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров, Чавай айыл өкмөтүнүн башчысы Бакиров Абдыразак, борбордогу жердештери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү айтышты.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар