Акылбек Жапаров жана Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын 30-майдагы кабарлоосуна караганда, Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго каршы коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин козгоого УКМКадан түшкөн материалдар негиз болгон. Маалыматка караганда, Чудинов жана Жапаров 2009-2015-жылдары “Машина сыноочу станцияга” 200 млн. сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлгөн жана максатсыз колдонгон.

Бул ишти тергөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар