Акыйкатчылар азабы…

Кыргызстандагы саясий коррупциядан Акыйкатчы институту жана анын башына келген адамдар да жабыркап, кысымдан өзүнүн милдетин толук кандуу аткарай албай келатат.

Күч колдонуучу органдарды мыйзам эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргоого байлап алган президент (негизинен мурунку президент) алар аркылуу парламентти да  эрксиз жана үнсүз болууга аргасыз кылып салган…

Эрксиз жана Акүйдүн көзүн караган парламент жетинчи кабаттан түшкөн ишаара менен эки акыйкатчынын “башын жеди”. Биринчи Турсунбек Акунду отчетуң өтпөдү деген шылтоо менен кетиришкен.

Андан кийин Садыр Жапаров жана Кумтөр ишинде батылдык кылган акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматтан кетирип тынышты.

Үчүнчү акыйкатчы Кубат Оторбаевдин да өз милдетин толук кандуу аткаруусуна абдан катуу тоскоолдуктар жасалып жатканы тууралуу кабарлар бар. Алардын бири ачкачылык кармап жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун ишине байланыштуу басым.

Бул жарандардын жакындары акыйкатчы Оторбаевге кайрылып, оор абалдагы Асанов, Кадыров жана Карыбековдон кабар алып, алардын абалы тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну өтүнүшкөн. Белгилүү болгондой акыйкатчынын ар убак абакка кирип, ал жердеги жарандардын абалынан кабар алууга укугу бар.

Бирок, жогору жактагы катуу басым жана кысымдан  Оторбаев бул миссияны аткара албашын, эгерде эле андай кадамга барса кызматынан айдаларын ачкачылык кармаган үч жарандын жакындарына айткан…

Атамбаев-Жээнбеков жана КСДП доорунда акыйкатчылар да өз милдетин толук кандуу аткара албай азапка кабылып турган чагы.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар