АКШда супербактерияларга каршы күчтүү антибиотик жасалды

Америкалык окумуштуулар ванкомицин аттуу антибиотикти модификациялашты. Анын натыйжасында дары мурункудан миң эсе күчтүү болуп, супербактерияларга үч жол менен күрөшүп, аларды  ныпым  тирүү калтырбайт. Бул тууралуу АКШнын илимдер академиясынын жумалык журналына шилтеме жасап БиБиСи кабарлады.

Дүйнөдө  антибиотиктердин күчү жетпей калган супербактериялар дарыгерлерди жана пациенттерди убайга салып, чоң проблемага айланып баратканы белгилүү. Антибиотиктерди туш келди колдонуу бактериялдардын аларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн кобөйтөрүн дарыгерлер эскертип келет. Батыш өлкөлөрдө ошондуктан дарыгердин кагазысыз антибиотиктер сатылбайт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар