АКШда эң чоң учак курулду

Space.com интернет-порталынын кабарлоосуна караганда, шаршемби күнү Калифорния штатындагы Мохаве чөлүндө Stratolaunch учагы аянтка чыгарылды. Анын канатынын узундугу 117 метр келет.

Бул учак 9100 метр бийиктиктен космоско ракеталарды учурууга арналган. Алты кыймылдаткыч бар учак эки фузеляждан турат. Учактын өзүнүн салмагы 250 тонна. Ал эми толук жүгү менен 590 тонна болот.

Учак ракеталарды космоско чыгарууда арзан жана ишенимдүү каражатка айланса, анда ал космос базарында кызмат көрсөтүүдө кырдаалды өзгөртөрү айтылууда.

Буга чейин дүйнөдөгү эң учак катары Ан-124 “Руслан” аталып келген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар