АКШ-Россия “кылычташуу” алдында…

Кошмо Штаттар жана Британия Россияга ар тараптан кысымды күчөттү. Англосаксондук эки ири мамлекеттин аракетин Европа Биримдигиндеги геосаясий салмагы эң жогору Франция колдоп жатат. (Белгилүү болгондой Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири. Ал Коопсуздук Кеңештин чечимдерине вето кое алат. Франция ошондой эле ядролук өлкө.) Экономикасы жагынан эң кубаттуу Германия да АКШ, Британия жана Франциянын артынан калбай баратат.

Россия жана АКШнын келишпестиги Солсберидеги окуя жана Сириянын Дума шаарында мүмкүн болгон химиялык чабуулга байланыштуу кескин күчөп кетти.

Белгилүү болгондой Британиянын Солсбери шаарында Россиянын Британияга иштеген тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия Скрипаль 4-мартта ууландырылган.  Бул Россия менен Батыштын ортосунда дипломатиялык “согушка” алып келген.

Башар Асад 7-апрелде Дума шаарына химиялык бомба таштап, андан 70 адам өлдү деген кабардан кийин АКШ  Асадды “жырткыч” атап, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн базаларына сокку урарын жарыялаган.

Ага жооп кылган Москва Вашингтонду “алабармандыкка” алдырбоону, Сирия базаларында орус аскерлери болуш ыктымалдыгын, алар жабыркаса чоң жаңжал чыгып кетиш мүмкүндүгүн эскерткен.

Россия Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы генерал Герасимов Сирияга карай атылган Америка ракеталары атып түшүрүлөрүн, орус аскерлери жабыркаса ракета аткан кемелерге же башка системаларга да жооп сокку уруларын эскерткен. Россиянын андан башка да расмийлери АКШ чабуулуна жооп берилерин айткан.

11-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп “Россия даярдан. Биздин ракеталар учуп барат” деп твиттердеги баракчасына жазды. Бул АКШнын Россиянын эскертүүлөрүнө жооп болуп калды. Россиянын жетекчилигинин чечкиндүүлүгу жана намыскөйлүгү белгилүү.

Ошентип, дүйнө чоң кризистин алдында турат. Саналуу сааттардын ичинде Вашингтон жана Москва соккулар менен алмашуусу мүмкүн. Ал соккулар локалдык мүнөздөн глобалдык масштабка өтүп, үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучу  чыгып кетет деген чочулоолор айтылууда. Сирия кризиси Кариб кризиси менен салыштырылууда.

Кошмо Штаттар Солсбери окуясынан кийин Россияга жаңы санкцияларды жарыялаган. Бул ирет Вашингтон Россиянын ири энергетикалык, металлургиялык компанияларына жана алардын ээлерине санкция киргизди. Бул Россия биржасында акциялардын төмөндөөсүнө, рублдин кунунун кетүүсүнө алып келди.

11-апрелге карай бир доллардын баасы 65 рублдан ашып баратат. Бир нече күн мурун бир доллар 58 рублга жетпей турат эле.

АКШнын акыркы санкциясы Россия үчүн өтө оор тийди.Москва жооп иретинде АКШнын товарларын сатууга чектөө киргизиш мүмкүндүгү каралып жатканын билдирди.

Ошентип, АКШ баш болгон батыш кубаттанып келаткан Москваны ар тараптан кысымга алып, “ушунчасында ордуна” коюп-коюуга олуттуу киришкени байкалат.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар