АКШ-КНДР: Ачык аскердик тирешүүлөр

Америка Кошмо Штаттары менен Түндүк Корея кайым айтышуусу бири-бирин коркутуу жана ачык аскердик тирешүү фазасына өтө баштады.

Түндүк Кореянын ЦТАК маалымат каражаты 8-августа атайын билдирүү таратты. Анда быйылкы жылы Кошмо Штаттар “Минитмен-3” ракетасын Түндүк Кореяны мелжөө менен төртүнчү жолу сынаганы, АКШнын стратегиялык аскерий учактары Гуам аралынан учуп чыгып, Түндүк Кореяга ядролук кол салууну машыгып жатканы айтылат.

Мындай шартта Түндүк Корея АКШнын Гуамдагы аскердик базасына  орто жана алыс аралыктагы Хвасон-12 баллистикалык ракеталары менен алдын-ала  сокку урууну караштырып жатат, деп айтылат билдирүүдө.

“Сокку уруунун тийиштүү планы даярдалып, жогорку командачы Ким Чен Ынга кабарланып турат. Эгерде жогорку командачы сокку уруу жөнүндө чечим кабыл алса, ал дароо урулат. Кошмо Штаттар биздин ядролук күчтү биринчилерден болуп сезет”, деп белгиленет билдирүүдө.

Түндүк Корея быйылкы жылы эки ирет Хвасон-12 континент аралык баллистикалык ракетасын сынады. Эки сыноо тең ийгиликтүү аяктады. Батыш, япон, Түштүк Корея эксперттери ал сыноолордон кийин Түндүк Кореянын континент аралык ракета куруудагы жетишкендиктерин мойнуна алууда. Ошондуктан сыноолор  АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын үрөйүн учуруп, абдан катуу беймазага салууда.

Кошмо Штаттар ракета жана ядролук сыноолору үчүн Түндүк Кореяга катаал санкция жарыялоо боюнча чечим долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштап, ал өткөн ишемби күнү кабыл алынды. Ага Түндүк Корея ылым санаган, АКШ менен көп маселелер боюнча келишпей жаткан Кытай, Орусия да вето койгон жок.

Бул Пхеньяндын абдан жаалын келтирүүдө. Санкциялар Түндүк Кореянын тышкы соодадан көргөн 3 млрд. доллар кирешесин 1 млрд. долларга кыскартып, өзөртө урулган сокку болорун АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли канааттана белгиледи.

Түндүк Корея бул санкцияны “террордук согуш” катары сыпаттап, ага каршы турарын, ийилбесин билдирип, ал эмес Кошмо Штаттарга ракета-ядролук сокку урарын эскертүүдө.

Мына ушул эскертүү чыгардан мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде Түндүк Корея АКШны коркутууга батынса, анда болуп көрбөгөндөй “ок жана каарга” кабыларын эскерткен.

Бирок Түндүк Корея маселесин “ок, жалын” менен чечип коюу АКШ үчүн жеңил эмес.

Биринчиден, Түндүк Корея АКШ каалагандай ийлеген Ирак, Ооганстан же Түштүк Америкадагы майда барат мамлекеттерден эмес.  Ал аскерий жактан абдан бекем жана кубаттуу мамлекет.

Мына ошол аскерий кубатына таянган Пхеньян АКШнын Азиядагы, ал эмес Гуамдагы аскердик базаларына ракета-ядролук сокку урууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө. Түндүк Кореянын ракета сыноолору  анын далили.

Экинчиден, бул эң маанилүүсү. Түндүк Корея маселеси курал менен чечиле баштаса, анда Пхеньян Түштүк Кореяга кыйратуучу сокку урууга жөндөмдүү. Кол созсо жете тургандай Сеул Түндүк Кореянын ракета эмес, артиллериясынын соккусунда калат.

Аны менен бирге АКШнын  Түштүк Корея жана Япониядагы аскерий  базалары, бул өлкөлөрдүн өздөрү  Түндүк Кореянын ракеталарынын бутасына айланат.

Албетте, күч тең эмес. Кошмо Штаттар, Япония жана Түштүк Кореянын аскерий, экономикалык потенциалы Түндүк Кореяныкынан миң эселеп күчтүү. Алар Түндүк Кореяны жер менен жексен кылууга кудуреттүү.

Бирок Түндүк Кореянын ракета-ядролук, артиллериялык соккусу экинчи тарапты да  абдан оор, кабыл алгыс жоготууларга кириптер кылат…

Ошондуктан Түндүк Корея маселеси сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечилиш керектиги айтылууда. Тирешүүнүн жаңы баскычына чыккан АКШ менен Түндүк Корея ага көнөбү?

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар