АКШ элчиси жана ТИКАнын башчысы Кыргызстан менен коштошту

АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мекенине кайтууну чечкен Шейла Гуолтни айым өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болду. Президент Атамбаев эмгек өргүүсүндө болгондуктан, Шейла айымды президенттик аппараттын башчысы кабыл алган. Бирок да 24-июлдагы маалымат жыйынында АКШнын Мамлекеттик катчылыгын «согуш тутандырууга даяр» деп айыптаган Атамбаевдин  АКШ элчиси менен жолугушуусу бери дегенде абдан ыңгайсыздык жаратмак.

2-августа ошондой эле Түркиянын  Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгынын (ТИКА)  башчысы Эврен Рутбилди премьер-министр кабыл алды.Бул мырза да Кыргызстанда миссиясын аяктап, кетип баратат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар