АКШ элчиси Гуолтни айымдын мөөнөтү аяктады

3-июлда АКШнын Бишкектеги элчилиги АКШнын эгемендүүлүгүнүн 241 жылдыгына карата кабыл алуу уюштурду. Анда элчи Гуолтни айым 1776-жылы 4-июлда АКШнын эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынганын, мына ошондон тарта Кошмо Штаттар Британия падышалыгынан көз карандысыз мамлекетке айланганын белгиледи.

Элчи Шейла Гуолтни айым 33 жылдык дипломатиялык кызматтан кийин өзүнүн мекени Калифорния штатына кайтарын, Кыргызстандан бир нече жумадан кийин кетерин кошумчалады.

Шейла Гуолтни айым АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына 2015-жылы келген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар