АКШ элчилигин Иерусалимге көчүрөт

Кошмо Штаттар бүгүн, 14-майда Израилдеги элчилигин расмий түрдө Тель-Авивадан Иерусалимге көчүрөт. Элчиликти көчүрүү чечимине Израиль кубанса, палестиндер менен АКШнын тарапташтары жана дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр нааразы болушкан.

Акүй делегациясы жана Израиль расмий өкүлдөрү инаугурацияга күндүн экинчи жарымында чогулушат. Ошол эле убакытта палестиндер Газанын Изралиль менен чек арасында каршылык акциясын өткөрүшөт.

АКШ президенти Дональд Трамп былтыр Кошмо Штаттар экиге бөлүнүп калган Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турганын жарыялаган.

Палестиндер Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болсо деп каалашат. Израиль Чыгыш Иерусалимди басып алып, шаарды борбору катары жарыялаган. Бул чечимди эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Трамптын чечими нааразылыктар менен коштолуп, кан төгүүлөр менен аяктаган. БУУнун Башкы Ассамблеясындагы добуш берүүдө 128 өлкө бул кадамды айыптаган.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар