Акчасы жакшы, добушу жаман мигранттар…

Жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттары жыл сайын мекенине миллиарддаган доллар которуп, үй-бүлөсүн багып, мамлекеттин экономикасына да абдан чоң салымын кошуп турат.

Сомдун курсунун туруктуулугу, ички базарда соода-саттыктын жүрүшүндө мына ушул мигранттар акчасынын ролу өзгөчө зор. Муну бийлик да билет жана түшүп жаткан миллиарддардын эсебин алып турат.

Бирок мына ошол эл багар, мамлекет багар мигранттар шайлоого келгенде эле жээрилип калат. 15-октябрдагы президенттик шайлоодо да мына ошол жексур  көрүнүш кайталанды. Бийлик, БШК, Тышкы иштер министрлиги болгону 18 миң мигрантка добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ал эми добуш берүүгө укуктуу мигранттардын саны абдан эле көп экени белгилүү. Маселен, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын статс-катчысы Нурлан Шерипов июль айында  Орусияда 616миң, Казакстанда 30 миң эмгек мигранты бар экенин билдирген. Бул расмий маалымат. Чындыгында мигранттар саны андан арбын. Ошол эле казак өкмөтү Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны 125 миң экенин кечээ жакында эле маалымдады. Мигранттардын баары эрезеге жеткендер экенин эске алганда, алардын баары шайлоого укуктуулар экени белгилүү болуп чыгат.

Эгерде мына ушул жүз миңдеген эмгек мигранттарына добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, алардын басымдуу көпчүлүгү Адахан Мадумаровго добушун берери талашсыз эле. Муну социалдык тармактардагы добуш берүүлөр, талкуулар айкын көрсөтүп турат. Андан сырткары президенттик шайлоо күнү жаан-чачынга карабай миңдеген мекендештерибиз Москвада Кыргызстан элчилигинин алдында  добушун бере албай, нааразы болуп турушу да мунун далили…

“Таза шайлоо болду” деп бет тырмарлык кылып жаткан бийлик башчылары бул маселени көрсө -көрмөксөн, билсе-билмексен…

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар