Акаевди актоого болобу?

Эгемен Кыргызстандын биринчи президенти болгон Аскар Акаевди реаблитациялоо аракеттери жасалып келатат. Андайлардын бири жакында кайталанып, Москвада кыргыздарга байланыштуу иш чарада Аскар Акаев байбичеси менен катышкан. Анда бир артист Акаевди “атабыз” деп атаган. Анын артынан социалдык тармактарда Акаевге мактоолор арбын айтылган.

Акаевди айга-күнгө теңөө башка учурларда да жасалган. Чындыгында, Акаев интеллектиси жана интеллектуалдуугу менен К.Бакиев, А.Атамбаевден алда канча жогору турат. Андан талаш жок. Бирок  да Кыргызстандын эң аянычтуу абалга түшүүсүнө ушул Акаевдин салымы баарынкынан көп десек жаңылбасак керек.

Бир эле Кумтөрдү алсак.

2003-жыл. Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67%.

Кенди башкаруу реалдуу түрдө кыргыз өкмөтүнүн колуна өтө турган жыл.

Бирок дал ушул жылы Акаев жана канадалыктар Кыргызстанды таламандын тал түшүндө алдап, Кумтөр кошулган “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөнүн жарыялашкан. “Центерранын” курамына Кумтөрдөн сырткары Монголияда, АКШнын Невада штатында алтын кендер кошулду, мына ошолордун баарын кошкондо “Центерра голд инк” компаниясы абдан кеңейип, Кыргызстандын үлүшү 33% болуп калды деп жарыяланган.

Акаевдин буйругу менен ал кездеги өкмөт башчы Николай Танаев канадалыктар менен тийиштүү келишимге кол койгон. Акаев Кыргызстандын үлүшүн 33%га түшүрүү менен чектелбестен, дароо анын 17% 85 млн. долларга сатып жиберген. Ошону менен “Центеррада” Кыргызстандын 16% гана үлүшү калган.

Мына ошентип Кумтөрдөгү эң башкы афера ишке ашырылган. Кечээ жакында президенттик кызматын тапшырган Алмазбек Атамбаев  мына ушул таламандын тал түшүндөгү афера үчүн Акаевди  кечирүүгө болбойт деп келет. Атамбаевдин бул сөзүнө кошулуудан башка арга жок.

Бакиевдин убагында, 2009-жылы “Центерра” менен сүйлөшүү жүрүп, Кыргызстандын үлүшү 32.74%га жеткирилген.

Атамбаев убагында болсо“Центерраны” Кыргызстан кызыкчылыгына иштетүү аракеттери бүтүндөй атайын бүлгүнгө учуратылып келинди. Ошондуктан Атамбаев Акаевди Кумтөр боюнча канча жамандабасын, өзү да абалды оңоо үчүн эч нерсе жасаган жок. Тескерисинче Бакиевдин убагындагы үлүш кыскарып, учурда 26.28% калды…

Акаев ошентип Кумтөрдөгү кыргыз калкынын ырыскысын канадалыктарга жулуп берген. Албетте, бекер болбосо керек…

Акаевдин дагы бир кечирилгис күнөөсү Аксыда ээн-талаада, куралсыз келаткан адамдарды атууга жол бериши. Ал эми мамлекеттик бийликтин кадырын кетирүү, коррупцияны гүлдөтүү сыяктуу иштерин санай берсең түгөнбөйт…

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар