“Ак Кеме” мейманканасын рейдерлик менен басып алуу жүрүүдөбү?

22-июнда эрте менен мейманкананын эшигин милиция жаап, мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү меймакана ичиндеги мүлктү санап жазууга киришкен. Мейманкада жайгашкан маалымат каражаттары жана уюмдардын кызматкерлери кеңселерине кире албай турушат.

Мейманканынын ээси Руслан Сарымсаков “Бул рейдерлик менен басып алуу” деп атаганын “Заноза” кабарлады.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысынын орун басары Бакыт Мураталиев өкмөттүн чечимине ылайык аракеттенип жатканын айткан.

“Ак Кеме” мейманканасынын айланасында жаңжал  көп жылдан бери созулуп келатат. Эгемендиктин башында Түркиялык насыяга курулган мейманканага адегенде Руслан Сарымсаков, андан кийин Түркиялык Систем мүхендислик компаниясы ээлик кылган.

Бир нече соттошуулар соңунда мамлекет мейманкананы өткөн жылы саттыкка койгон. Ага мейманкананын мамлекет алдындагы карызы себеп болгону айтылган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар