Айдаркенде сымап комбинаты токтоп калды

Жергиликтүү калктын маалымдоосу боюнча, Айдеркендеги сымап комбинаты токтоп калды. Шахталарды толук суу басып, кен казуу кайра качан башталары белгисиз. Жергиликтүү тургундар деградацияга учурап жаткан Айдаркен шаарчасы  комбинаттын токтошу менен толук талкаланууга барат деп чочулайт.

СССРдин маалында 40-60 тоннага чейин сымап берген Айдаркен сымап комбинаты союздук маанидеги ишканалардан болчу. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар жумуш, туруктуу айлык менен камсыздалып, шаарчада мыкты социалдык-медициналык обьектер курулган эле.

Эгемендик доордо комбинат эч оңоло албай, ага байланыштуу шаардын инфраструктурасы деградацияга учурап жатат. Жергиликтүү тургундар учурда ар бир үй-бүлөдөн кеминде бирден-экиден адам Орусияда иштеп, тиричилик мына ошолор салган каражат менен  гана өтүп жатканын айтышат.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар