Адахан Мадумаровдун жеңиши…

Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун Адахан Мадумаров моралдык жактан эбегейсиз жеңишке жетишти. Ата мекендин кадырын алыста жүрүп өзгөчө баалаган жана билген жүз миңдеген эмгек мигранттары Мадумаровду тандашты. Алар өздөрүнүн тандоолорун бардык социалдык тармактардагы сурамжылоолордо ачык билдирип жатышты. Ютубду, Фейсбук, Одноклассникини ачсаңыз, ал жерде Мадумаров колдоочулар эң көптүгүн байкайсыз. Түштүк Корея жана Владивостоктогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы да Мадумаровдун биринчи орунда экенин көрсөттү.

Кыргызстандын булуң-бурчунда шайлоочулардын пикирлери добуш берүүгө аз калганда Адахан Мадумаровго бурулуп, талапкерлер ичинен эң тазасы жана ишенич туудурганы Мадумаров деп калышты.

Шайлоочулар аң-сезиминдеги бул өзгөрүү Кыргызстандагы мына ушул президенттик шайлоодогу эң бир өзгөчө феномен болуп калды.

Бул өзгөрүүгө бийлик жана Бабанов тарабынан жасалып жаткан бет тырмарлык жана эки жүздүүлүктөр себеп болду окшойт. Анткени бийлик административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуп, добуштарды сатып алууну уюштуруп жатып, ошол эле учурда Бабановду шайлоочуларды акчага сатып алат деп айыптап жатты.

Бабанов чет өлкөлүк олигархтардан, президенттерден колдоо издеп, добуш алуу үчүн улуттар арасында чагым жасоого тете сөздөрдү айтып, анан албетте акчасын сунуп жатып өзүн көрсөттү!!!

Көп талапкерлер шайлоо башында оппозициянын тонун жамынууга аракет кылып көрдү. Бирок бир дагы талапкер азыркы бийликтин кемчиликтерин, саясий оппоненттерин түрмөгө салып чиритип жатканын, кошуна Казакстан менен мамилени эң бир жоопкерсиздик менен бузуп жатканын, наристелерди жөлөк пулдан жана башка социалдык коргоолордон кур жалак калтырып жатканын ачык айта алган жок.

Бабанов баш болгон бардык талапкерлер “баары жаман, бирок падыша жакшы” дегендей жалтактап жүрүп отурушту.

Оппозиционер болобуз деген көп саясатчылар бийлик талапкеринин колтугуна кире качышты.

Каражаты тартыштыгы, бирге болобуз деген саясий өнөктөрдүн чыккынчылыктарына карабай Адахан мырза президенттик өнөктүктү чоң абийирдүүлүк жана ийгилик менен жүргүздү.

Ал кыргыз калкына жана башка саясатчыларга калкты сатып албай, жаман жолго түртпөй шайлоо өткөрүүгө, анда калктын колдоосун алууга болорун иш жүзүндө далилдеди.

Мына ушундай эле чоң жеңишке Улукбек Кочкоров жана Талатбек Масадыков жетишти. Темир Сариев өзгөчө оор басырыктуу жана салабаттуу өнөктүк жүргүзүү менен аброй топтоду.

 

There are 4 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар