Адахан Мадумаров тил комиссиясынан өтөт

3-августа Адахан Мадумаров мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынакка катышат. Талапкерлер ичинен кыргыз да, орус да тилдеринде бирдей сүйлөгөн, саясатчылар ичинен эң чечен катары сыпатталган Адахан Мадумаров тил сынагынан шыр өтүшүндө шек жок.

Буга чейин тил сынагынан Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Турсунбай Бакир уулу жана башка талапкерлер өткөнү белгилүү.

Көпчүлүк талапкерлер учурда кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоо үстүндө иштеп жатат.

Бир гана Темир Сариев талапкерлерге коюлган үч талапты аткарганы кабарланган. Ал жетиштүү шайлоочулар колун топтоп, күрөөгө 1 млн. төгүп, тил комиссиясынан да өттү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар