Адахан Мадумаров талапкер катары катталуу алдында турат

Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаров тапшырган кол тамгаларды текшерип бүтүп, анын 36 миңден ашуунун жарактуу деп тапты. Жалпысынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери 42 миңден ашуун жарандын кол тамгасын тапшырган.

Президенттикке талапкер кеминде 30 миң жарандын колун тапшырып, 1 млн. сом күрөөгө коюш керек жана мамлекеттик тил сынганына өтүүгө тийиш. Бул талаптардын баарын аткарган талапкер расмий түрдө  катталып, тийиштүү күбөлүк берилет.

Ошентип, Адахан Мадумаров расмий түрдө талапкер катары катталуу алдында турат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Азимбек Бекназаровдун да кол тамгалары текшерилип, 56 миңден ашуун кол тамганын ичинен 31 миңден ашууну жарактуу деп табылганын кабарлады. Демек, Азимбек мырза да талапкер катары катталуу алдында турат.

Буга чейин төрт талапкер расмий түрдө катталган. Алар Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев.

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар