Адахан Мадумаров күрөштөн баш тартпады

16-сентябрда Өзгөндө Адахан Мадумаровдун  Өмүрбек Бабанов менен митингде бир болуп, бийлик талапкеринен башка талапкерлердин бир талапкердин айланасында баш кошуу тууралуу сунуш кылуусу “Мадумаров Бабановго кошулуптур” деген аңыз кептердин жаралышына негиз болгон.

Адахан Мадумаров 20-сентябрда атайын маалымат жыйынын өткөрүп, бийлик талапкеринен башка талапкерлердин бир талапкердин айланасында бириктирүү идеясы жана сунушу дале күчүндө экенин, бирок өзү “талапкерлигин алды, Бабановго кошулду” деген сөздөр туура эместигин белгиледи.

Адахан Мадумаров президенттик үчүн күрөшүн улантып, жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды белгилеп жатат. Ошондой эле теледебаттарга даярдыгын көрүүдө.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар