Адахан Мадумаров Ала-Бука, Чаткалга барат

Алтын кендердин азабын тарткан Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары 12-майга элдик жыйын белгилеп, ага келип кетүүгө Адахан Мадумаровду чакырышкан. Адахан мырза эл чакырган жыйынга барарын 10-майда билдирди. Жыйын эки район ортосундагы Кызыл-Токой айылында болмокчу.

Кыргызстанда алтын кендер инвестор аталымыштарга берилип, алар көп экологиялык апааттарга алып келип жатышат. Жергиликтүү калк мына ошого абдан катуу бушайман…

Дагы бир өтө орчун маселе, Кыргызстанда, анын ичинде Жалал-Абаддагы алтын кендерде мамлекеттин бир пайыз үлүшү жок. Инвестор аталымыштар болгону салык төлөйбүз, элге жумуш беребиз деп алдап келатат. Бирок алар кыргыз коррупционерлери менен ишти бүтүрүп алышкан…

Жалал-Абаддын Чаткал, Ала-Бука райондорунда алтын кендер абдан көп. Алардын эң ирилери жана белгилүүлөрү Бозымчак, Иштамберди, Чаарат…

2-февралда Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кени боюнча жыйынга да Адахан Мадумаров чакырылган. Ал жыйында Шамбесайды ачуунун экологиялык зыяндуулугу, экономикалык пайдасыздыгы айтылган. Эл кенди ачууга караманча каршы болгон. Натыйжада өкмөт кенди ачууну бир жылга токтотууга аргасыз болгон эле.

Адахан Мадумаровго чакыруулар ошондой эле Тогуз-Торо районунан да болгону маалым.

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар