А.Шадиев сурак берип чыкты

Биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештен алынган 30 миң доллар же 2 млн. 61 миң сом боюнча УКМКада 22-мартта сурап берип чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары  УКМКага шилтеме жасап 23-мартта  кабарлады.  2017-жылы сентябрь айында Коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган каттын негизинде Жогорку Кеңештен Чыңгыз Айтматов сыйлыгын ыйгаруу үчүн каражат бөлүнгөн. Акчаны аталган комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров алган.

Быйыл февраль айында Закировго  акчаны өзүнө ыйгарып алган деген айыптын негизинде кылмыш иш козголгон. Ал өзү камакка алынган. Бул иш боюнча эми Шадиев да сурак берип чыкканы маалым болду.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар