А. Мадумаровдун Орусияга сапарлары (видео)

22-ноябрда Москвада “Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргызстан менен Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” деп аталган тегерек стол талкуу болот. Тегерек стол Евразия экономикалык биримдиги тарабынан уюштурулуп жатат. Ага орус, кыргыз, казак саясатчылары, ишкерлер, саясат таануучулар жана эксперттер катышат.

Талкуу негизинен кыргыз-казак мамилеси, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында келишпестиктерден чыгуунун жолдорунун айланасында болот.

16-ноябрда Москвада мекендештер менен жолугушкан Адахан Мадумаров 22-ноябрда кайрадан Москвада болуп, тегерек стол талкууга катышат.

Андан кийин Мадумаров Орусиянын  Красноярск, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Самара шаарларында мекендештер менен жолугушуулар өткөрөт.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандык эмгек мигранттар Адахан Мадумаровдун катуу колдошкон. Бирок жүз миңдеген мигранттардын добуш берүүсү уюштурулган эмес. Анын натыйжасында алар добуш бере албай калышкан.

Өз талапкерин кантип болбосун өткөрүүгө далбас урган бийлик эмгек мигранттарынын кандай добуш берерин билип, аларды добуш берүүсүн атайлап уюштурбаганы айдан ачык.

16-ноябрда Москвада Адахан Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу эмгек мигранттарынын үмүтү мына ушул саясатчыда экенин дагы бир жолу ырастады…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар