А.Мадумаровдун колдоочулары Алматыда марафон өткөрдү (видео)

Адахан Мадумаровдун колдоочулары 14-июлда Алматы шаарында жеке демилгелери менен марафон өткөрүштү. Алардын максаты күрөө үчүн 1 млн. сом топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына төлөө экени айтылды.

Алматыга мекендештер шайлоо учурунда «талапкерлер акча таратат» деген түшүктөргө каршы туруп, алар талапкерге каражат топтоп, колдоо көрсөтөрүн билдиришти.

Талапкердин катталуусу үчүн 30 миң кол топтоо, мамлекеттик тилди билиши боюнча сынактан өтүү жана күрөөгө 1 млн. сом коюу талабы бар.

Адахан Мадумаров өзү 30-июнда социалдык тармактар активисттери менен жолугушууда күрөө үчүн акча каражатын табууга кудурети жетерин билдирген.

There are 4 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар