А.Мадумаров бийлик менен кызматташуу шартын атады

Оппозиция лидери Адахан Мадумаров 20-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, анда өтүп бараткан жылдагы саясий окуяларга жана “Мен макул эмесмин” кыймылынын алдыдагы милдеттери тууралуу маалымат берди.

Мадумаровдун айтымында, ал демилгелеген “Мен макул эмесмин” кыймылы эл аралык деңгээлге чыгып, Орусия, Казакстан, Түркияда кулач жайып баратат.

Бардык жерлерде кыймыл активисттери  300 миң жарандын колун топтоонун үстүндө иш жүргүзүп жатат. 300 миң жарандын колу топтолгондон кийин Конституцияны өзгөртүү максатында референдум өткөрүү талабы бийлик алдына коюлат. Эгерде бийлик 300 миң адамдын талабы менен эсептешпесе, анда саясий күрөштүн башка жолдоруна өтүү болот.

Мадумаров Кыргызстан президенттик башкарууга өтүп, 1993-жылкы Конституцияга кайтып келиш керек деп эсептейт. Анын пикиринде, 1993-жылкы Конституция легитимдүү жол менен кабыл алынган. Андан кийинки өзгөртүүлөр  жеке кызыкчылыктан жана мыйзамдуулугу шектүү жагдайларда жасалган.

Мадумаров Орусия менен кош жарандуулукка барууну жактайт. Мындай кадам орус жарандыгын алган жүз миңдеген кыргыз жарандарын сактоо үчүн керек деген Мадумаров, Москванын андай кадамга баруусу ачык эместигин моюндайт.

Бийлик менен кызматташуу маселесине токтолгон Мадумаров, мамлекет кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирет. Ошол эле учурда бийлик мамлекет жана элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип, чындап өзгөргөнүн көрсөткөн шартта гана дейт.

Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзүүгө даяр эмес деген Мадумаров, анын жакынкы келечекте Атамбаев жана анын кадрларынын таасиринен чыгуусу күмөн дейт.

Өзбекстан менен мамилени оңдоого токтолгон Мадумаров, Кыргызстан базарын кеңири ачуу опуртал жагдайлар менен коштолорун эскертет. Ал мисал катары дыйкан, багбанчылык тармагын атады. Өзбекстанда бул тармактар абдан өнүккөн. Анын үстүнө жер семиркичтерди Өзбекстан өзү чыгарат. Кыргызстанда болсо жок. Ал Өзбекстандан сатып алат. Мына ушундай шартта, маселен, Кыргызстанда өстүрүлгөн помидордун киллограмынын өздүк наркы Өзбекстанда өстүрүлгөндөн кымбат болот. Ошондуктан Өзбекстандан келген айыл-чарба продукциясы жер иштетүүнү эми өздөштүрүп жаткан кыргыз дыйкандарына чоң сокку урат…

Адахан Мадумаров НТС телеканалынын айланасында түзүлгөн кырдаалга токтолуп, аны басып алуу катары атады. Ошол эле учурда бул каналдын түптөлүү учурунан берки тарыхын карап, кандай тартып алууларга дуушар болгонун да эске салат…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар