А.Мадумаров: Ар бир үй-бүлө менин штабым, ар бир кайдыгер эмес жаран ишенимдүү өкүлүм болот (видео)

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал өз ниетин заман талабына жараша социалдык тармактарда активдүү болуп жаткан тарапташтарынын алдында 30-июнда “Ак кеме” мейманканасында жарыялады.

Адахан Мадумаров алдыдагы шайлоо адал менен арамдын, чындык менен акчанын, келечек менен туңгуюктун ортосундагы күрөш деди. Бул күрөштө Кыргызстан мамлекетинин жана элинин келечегине кайдыгер эмес ар бир үй-бүлө менин шайлоо штабым, ар бир жаран менин ишенимдүү адамым болот деди.

Мамлекеттин пайдубалын түптөөгө тийишпиз деген Мадумаров, Кыргызстанга өкмөттү түздөн-түз президент башкарган, 60 депутаттан турган, бир мандаттуу округдардан шайланган Жогорку Кеңеши бар бийлик системасы  керектигин белгиледи. Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик башчылары-аким, губернаторлордун кадыр-баркын көтөрүп, мурунку калыбына келтирүү зарылдыгын айтты.

Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев менен түзүлгөн үчилтик маселеси тууралуу суроого Мадумаров, “менде  алар өз тандоосун жасагандай таасир калууда” деп, мисал катары алардын башка талапкерлерди курултайларда колдоп сүйлөгөн сөздөрүн келтирди.

Адахан Мадумаровдун талапкерлигин расмий түрдө “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайы көрсөтмөкчү.

Бул үчүн 100 миң мүчөсү бар партиянын курултайы чакырылат.

Урматтуу достор! Президенттикке бараар барбасымды Орозо Айтынан кийин билдирем деп айткам. Сөзүмдө туруп,бүгүн активисттер менен болгон жолугушууда жарыялоого туура келди.Суроолор көп болгонуна байланыштуу кыскача билдирүүмдү гана сунуштайм. Толугу менен буюрса 2-3 күндө көрө аласыздар. Сабыр кылып күткөнүңүздөр үчүн рахмат!

Опубликовано Адаханом Мадумаровым 30 июня 2017 г.

There are 9 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар